Чакан бизнеске өкмөттөн баарынан мурда үч нерсе керек: акча, кредиттик кепилдиктер жана салык жеңилдиктери

Чакан бизнеске өкмөттөн баарынан мурда үч нерсе керек: акча, кредиттик кепилдиктер жана салык жеңилдиктери

Каржылоонун жетишсиздиги – өлкөдөгү чакан бизнестин өнүгүшүнө негизги тоскоолдук болуп саналат. Ага сурамжылоого катышкан ишкерлердин 60%ы муктаж. Алардын 31%ы мамлекет тарабынан финансылык колдоого муктаж экенин айтышкан.

Кыргызстандын Кепилдик фонду өлкөдөгү микро, кичи жана орто бизнес өкүлдөрү арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Респонденттердин 60%ы бизнесин өнүктүрүү үчүн кошумча каржылоо керек экенин белгилешкен. Кээ бир ишкерлер финансы рыногунан керектүү каражаттарды тартууга даяр экенин, бирок аны менен бирге мамлекет тарабынан да жардамга муктаж экендигин айтышкан.

Респонденттердин 31%ы мамлекет тарабынан финансылык колдоого муктаж экенин айтышкан. Сурамжылоого катышкандардын 18%ы мамлекеттен кредиттик кепилдиктерди, ал эми 17%ы салыктык жеңилдиктерди күтүшөт, деп айтылат изилдөөдө.

Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести каржылоонун негизги булагы болуп банктардын кредиттери саналат. Кепилдик фондунун сурамжылоосуна катышкан ишкерлердин дээрлик жарымы муну тастыкташкан. Фонд ошондой эле Кыргызстандагы чакан жана орто ишкерлер насыя алууда кандай негизги кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышканын аныктады. Алардын арасына: кредиттер боюнча өтө жогору пайыздык чен, күрөөнүн жетишсиздиги же жоктугу, насыялар аз мөөнөткө берилиши кирет.

Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин абалын изилдөө Кепилдик фонду тарабынан 2022-жылдын 7-сентябрынан 28-сентябрына чейин жүргүзүлгөн. Сурамжылоого өлкөнүн кичи жана орто бизнесинин 722 өкүлү катышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана фермерлерди колдоо максатында бир катар мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда. Бул программалар айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоорлорду ишке ашырууда фермерлерге жеңилдетилген каржылык колдоо көрсөтүүдө "Айыл Банк" ААКнегизги өнөктөштөрдүн бири болуп

Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери биологиялык активдүү кошумчаларды (БАД) мыйзамсыз алып келүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мекемеден билдиришкендей, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек – автожол" товарларды көзөмөлдөө пунктунда жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан коштомо документтери жок биологиялык активдүү кошумчалар табылган. Алдын ала маалымат боюнча, аныкталган

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Кечээ экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ким Квангджэ менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков Корея Республикасы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу багыттар боюнча тыгыз кызматташтык түзүлгөнүн айтты. Министр ошондой эле Корея Республикасынын

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаанын Түштүк пландоо зонасындагы Токомбаев көчөсү 15/8а дарегинде курулуп жаткан 750 орундуу жаңы мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрлик маалымдагандай, долбоорго ылайык мектеп 3 кабаттуу болуп курулуп, окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар каралат. Учурда