«Эти Бакыр Терексай» ЖЧК жумушчуларын 350 адамга кыскартты жана ишмердүүлүгүн токтотууда

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧК жумушчуларын 350 адамга кыскартты жана ишмердүүлүгүн токтотууда

“Эти Бакыр Терексай” ЖЧК “Терек” жана “Тереккан” кендериндеги иштерин токтотуп, жумушчулардын 50%ын кыскарткан. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин Turmush порталына берген маегинде айтылат.

Жумушчу комиссия менен биргеликте «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерип жаткан Сыргабаев түрк инвесторлору жумушун улантып жатканын, бирок иш темпин жайлатып, жумушчулардын санын кыскартканын айтты.

«Компания “Терек” жана “Тереккан” кендеринде жумушун токтотту, ага байланыштуу жумушчулардын саны 50%га кыскарды. Компаниянын өкүлдөрү геологиялык чалгындоо иштеринин жыйынтыгы алар күткөндөй болбогонун, ага байланыштуу кен казууну токтотуу чечимине келгенин жарыялашты. Буга байланыштуу кенди мамлекет өзүнүн балансына алат жана ишти «Кыргызалтын» ААК жүргүзөт. Бүгүнкү күндө мүлктүн баасы, тартылган инвестициянын көлөмү, чыгашалар бааланып жатат», – деди Сыргабаев.

Убактылуу жумуштан бошотулган жумушчуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ишкана мамлекеттин балансына өтөөрү менен Сыргабаевдин айтымында, иш толук калыбына келет. Эки кенде 350дөн ашык жумушчу кыскартылган.

Эскерте кетсек, декабрдын башында министрлер кабинети «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн башкаруу үчүн Cengiz Holding A.S. компаниясынын ишин изилдөө үчүн ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзгөнү белгилүү болгон.

Комиссияга 2022-жылдын 31-декабрынан тартып Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Терек, Тереккан жана Перевальное кендериндеги ишин токтотуу жана «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын уставдык капиталындагы үлүшүн «Кыргызалтын» ААКсына өткөрүп берүү жөнүндө тапшырма берилген.

26-ноябрда өткөн элдик курултайда президент Садыр Жапаров Терек-Сай кенин иштетүү укугун мамлекетке толук өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

  • «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана, 25% үлүшү «Кыргызалтынга»75%ы «Эти Бакырга» тагыраак айтканда, түркиялык Cengiz Holding конгломератына тиешелүү. Тоо-кен ишканасын түркиялык «Эти Бакыр» компаниясы толук каржылап, жалпы 230 млн доллар инвестиция салган. Ишканада 800дөн ашуун кыргызстандык жаран эмгектенип жаткан.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда  аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына 5 сааттай убакыт коротушат

Улуттук статистика комитетинин "Убакыт бюджетин изилдөө" аттуу баяндамасында үй жумуштарына аялдар көп убакут бөлөрү келтирилген. Статистикага таянсак, аялдар үй чарбасын жүргүзүүгө күнүнө орточо 4 саат 40 мүнөт жумшашат, бул суткалык убакыттын 19,4%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч бир топ төмөн — суткасына бир саатка жетпеген убакыт же

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстан калкынын колунда 300 млрд сомго чейин накталай акча бар

Кыргызстанда калктын колунда 200–300 миллиард сом өлчөмүндө накталай акча жүгүртүлүп жатканын Кыргыз фондулук биржасында өткөн пресс-конференцияда Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди. Анын айтымында, бул ири сумма болуп, инфляциялык процесстердин шартында кооптонууну жараткан тенденция болуп эсептелет. "Биздин негизги максат — калкка бул каражаттарды “жаздыктын

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Адал талаптары боюнча "Риха" ЖЧКга байланыштуу жагдай такталды

Экономика жана коммерция министрлигинде "Риха" ЖЧКга байланыштуу адал-индустрия маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Жолугушууга техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, ошондой эле "Адал-индустрияны өнүктүрүү борборунун" өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө адал-индустрия жөнүндө мыйзамдын талаптары, лицензиялоо, ошондой эле продукциянын адал стандарттарына шайкештигин тастыктоо тартиби

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Silvercorp Metals Чаарат алтын кениндеги компаниянын 70% акциясын сатып алды

Канадалык Silvercorp Metals Inc. британиялык Chaarat Gold Holdings Limited компаниясынан Чаарат алтын кенин иштетүүгө 100% ээлик кылган "Чаарат ЗААВ" ишканасынын 70% акциясын сатып алганын компания расмий сайтына шилтеме кылып "Азаттык" жазды. Маалыматта акциялардын жалпы баасы 162 млн долларды түзөрү жана долбоорлор 7 чарчы чакырым аянтта жайгашкан