«БАЙ ЭЛИМ КОМПАНИ» венгриялык компаниядан жабдууларды алууга 3 млн евролук долбоорго келишим түздү

«БАЙ ЭЛИМ КОМПАНИ» венгриялык компаниядан жабдууларды алууга 3 млн евролук долбоорго келишим түздү

Кыргызстандык «БАЙ ЭЛИМ КОМПАНИ» ЖЧКсы венгриялык Maurer Gep компаниясы менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн жабдууларды жеткирүү боюнча 3 млн евролук долбоорго келишим түздү. Бул тууралуу «Бай Элим» компаниясынын негиздөөчүсү Рысгүл Акимжанова Economist.kg басылмасына билдирди.

Акимжанова президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында уюштурулган Кыргыз-венгер бизнес форумунда аталган компаниянын өкүлдөрү менен кызматташуу боюнча келишим түзгөн.

«Биздин негизи долбоорубуз чоң, концентраттарды кайра иштетүү, консервация, кургатуу, тоңдуруу боюнча өзүнчө линиялар бар. Жалпы суммасы 3 млн еврону камтыган чоң долбоор.

Мына ошол долбоорго жабдууларды венгриялык компания этап-этабы менен жасап беришет. Биз азыртадан кезекке турабыз, бирок кезектер да ар түрдүү келет. Мисалы, концентрат жасоочу жабдуунун түзүмдөрү көп болгондуктан ал бираз кечирээк бүтөт. Ал эми кургатуучу машиналардыкы көлөмүнө жараша болот.

Биздин ишмердүүлүгүбүз мезгилге байланышкан, башкалардай 12 ай иштебейбиз, жайкысын абдан чоң көлөмдө иштетип алганга үлгүрүшүбүз керек. Жетишсек быйыл, болбосо, кийинки жылы долбоордо бардык линияларды ишке киргизебиз», — деди Акимжанова.

Белгилей кетсек, ата мекендик «БАЙ ЭЛИМ КОМПАНИ» ЖЧК шекер-рафинаддарын, ар түрдүү уксус кычкылдыктарын, йоддолгон тамак-аш тузун, томат пасталарын, жашылча консервацияларын, чык (соус) жана кыямдын түрлөрүн өндүрүп келет.


Кыргызстан энергетика тармагына жабдууларды алууга венгриялык компания менен кызматташат

Түз аба каттамы менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү — Садыр Жапаровдун Венгрияга сапарынын жыйынтыгы

Кыргызстандан Венгрияга түз авиакаттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы