«Соода Болсун», «Анан-Банан» — Lucky Socks бренди Казакстандын рыногуна кирди

«Соода Болсун», «Анан-Банан» — Lucky Socks бренди Казакстандын рыногуна кирди

Байпак чыгарган Socks Master компаниясы Казакстанга продукциясын экспорттой баштады. Өндүрүштү кеңейтүүгө АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) 50 миң доллар өлчөмүндөгү гранты көмөк көрсөткөн. Бул тууралуу ишкананын пресс-турунда белгилүү болду.

USAIDдин колдоосу менен Socks Master компаниясы заманбап жабдууларды алып, Кыргызстанда биринчилерден болуп термо- жана спорттук байпак өндүрүшүн ишке киргизди.

Ишкана өндүрүштү кеңейтип, 40 адамды жумуш менен камсыз кылган. Жакынкы арада дагы 15 адамды жумушка алууну пландап жатышат. USAID менен өнөктөштүктүн аркасында Кыргызстандын жарандары үчүн 61 жумуш орундары түзүлмөкчү. Белгилей кетчү нерсе, алардын айрымдары Россиядагы мурдагы эмгек мигранттары болуп саналат.

2020-жылы компания Lucky Socks бренди менен түстүү байпактарды чыгара баштаган. Бренддин дизайнерлери белгилегендей, идея катары кыргыз маданиятынын элементтери, жаштар арасында популярдуу сөздөр алынган. 2022-жылы компания Казакстанга байпак линиясын экспорттой баштаган.

Socks Master — бул социалдык багыттагы компания. Алар жакынкы айылдардан келген аялдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумушка алышат.

Socks Master компаниясы үчүн жабдуулар USAIDдин атаандаштыкка жөндөмдүү ишкананын беш жылдык долбоорунун алкагында берилди. Долбоор Кыргызстанда жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн ишканаларга өндүрүштү кеңейтүүгө жана сатууну көбөйтүүгө жардам берет. 2018-жылдан бери USAID бул долбоор аркылуу өлкө боюнча 120дан ашык бизнеске колдоо көрсөткөн. Алардын арасында жеңил өнөр жай, тамак-аш өндүрүшү, айыл чарба, маалымат технологиялары, каржы жана башка тармактардагы чакан жана орто ишканалар бар.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун