Россиялык «Соколовский» банкы «Астрасенд» эл аралык акча которуу системасынын оператору болуп катталды
КРнын Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өткөн эл аралык акча которуу системасынын реестринде «Астрасенд» эл аралык акча которуу системасы каттоодон өттү. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, эл аралык акча которуулар системасынын оператору Коммерциялык банк «Соколовский» акционердик коому КР Улуттук банкында каттоо жол-жобосунан өттү. Реестрдеги каттоо номери – 1052250423.
Эске салсак, буга чейин 2023-жылдын 25-апрелинен тартып «Астрасенд» эл аралык акча которуу системасынын оператору «Инкахран» банк эмес кредит уюму (акционердик коом) болгон.