Кыргызстандык компания АКШнын санкциясына кабылды

Кыргызстандын бир компаниясы АКШнын санкциясына кабылды. АКШнын Юстиция министрлиги аны Россиянын аскердик жана коргонуу тармагына жардам берген юридикалык жактардын тизмесине киргизди. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирет. Компаниянын аты айтыла элек.

Reuters белгилегендей, АКШ 19-майда Россияга карата экспорттук чектөөлөрдү кеңейтти. Алар эл керектеечу товарлардын кенири ассортиментин камтыды. Тактап айтканда, кеп курамдык бөлүктөрү аскердик максатта колдонула турган буюмдар: кийим кургаткычтар, кар тазалагычтар.

Ошондой эле 71 компания айтылган чектөөгө кабылды: Россиядан 69, Армениядан бир жана Кыргызстандан бир компания. Алардын баары, АКШ бийлигинин айтымында, РФнын коргонуу жана аскердик секторуна санкцияларды айланып өтүүгө жардам берет. Компаниялардын аттары айтылган эмес.