Кыргызстандын жаңы туристтик объектилери үч жылга салыктан бошотулушу мүмкүн

Кыргызстандын жаңы туристтик объектилери үч жылга салыктан бошотулушу мүмкүн
Photo by Amir Asakeev / Unsplash

Жаңы ачылган туристтик объектилерди үч жылга салыктан бошотуу сунушталды. Бул тууралуу брифинг учурунда Туризм департаментинин жетекчиси Кыял Кенжематова билдирди.

Адистин айтымында, мында кеп жаңы мейманканаларды, тоо-лыжа базаларын, туристтик жана этнокомплекстерди салыктан бошотуу тууралуу жүрүүдө.

«Туристтик объектилерди курган ишкерлерди жок дегенде алгачкы үч жылда салыктан бошотуу боюнча сунуш бар. 2024-жылдан тарта биз муну жасай алабыз деп ишенем. Министрдин өзү бул демилгени колдоду», - деди Кенжематова.

Департаменттин жетекчиси ушундай эле тажрыйбаны коңшу Өзбекстан колдонуп келерин кошумчалады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген