Насаатчылык өсүштүн кыймылдаткычы: “Бизнестеги айымдар” программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Насаатчылык өсүштүн кыймылдаткычы: “Бизнестеги айымдар” программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Тажрыйбалуу насаатчылардын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү жана бекемдөөгө багытталган насаатчылык программасынын 5-сезонун 29 ишкер айым ийгиликтүү аяктады. Программа ишке киргенден бери, ага 400дөн ашык адам катышкан.

 Кыргызстанда Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) “Бизнестеги айымдар” программасынын каржылык эмес кызматтарынын алкагында FINCA Банк менен өнөктөштүктө ишке ашырылган ишкер айымдар үчүн насаатчылык программасынын 5-юбилейлик сезону аяктады.

 Насаатчылык программа ишкер айымдар менен насаатчыларды бириктирип, билим жана практикалык тажрыйба алмашууга, ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө жана бизнести бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бешинчи сезонго Кыргызстандын алты аймагынан билим берүү, тамак-аш жана жеңил өнөр жай, соода, туризм жана айыл чарба тармактарында иштеген 36 ишкер айым тандалып алынган. Алардын айрымдары FINCA Банктын кардарлары. Шакирттер жети ай бою тажрыйбалуу насаатчылардын колдоосу менен өз компанияларын өнүктүрүү жана башкаруу көндүмдөрүн жакшыртуу багытында иш алып барышты.

Сезондун жыйынтыгында 32 катышуучу финалга чыгып, 29у программаны ийгиликтүү аяктаганы тууралуу сертификат алышты. Эң натыйжалуу иш алып барып, жогорку жыйынтык жараткан үч жуп - ишкер айым жана алардын насаатчылары өзгөчө белгиленди. Алардын катарында: Bulo кондитерканасынын негиздөөчүсү Мээрим Джумабекова жана UNO Gelato Family компаниясынын башкы директору Зухра Бабаджанова, “Амина” бала бакчасынын негиздөөчүсү Рыскуль Досматова жана “Умка Kids” бала бакчасынын негиздөөчүсү Майрам Торобекова, EDUS консалтинг компаниясынын негиздөөчүсү жана СЭО Жайнагул Доолотбекова жана CMC®, финансы боюнча тренер, командалар үчүн ICF коучу Нураим Манапбаева бар.

ЕРӨБдүн Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча аймактык жетекчиси Нодира Мансурова белгилегендей, насаатчылык программа ЕРӨБдүн “Бизнестеги айымдар” комплекстүү сунушунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ал финансылык инструменттерди өнөктөш банктар жана финансылык эмес колдоо, анын катарында насаатчылык, окутуу жана башкаруу компетенциясын өнүктүрүү менен айкалышат.

“5 жыл ичинде насаатчылык программа Кыргызстанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтчага айланды. 2019-жылдан бери ага 400дөн ашык адам, анын ичинде 156 жергиликтүү жана 42 чет өлкөлүк насаатчы катышты. Алган билим жана эксперттик колдоонун аркасында катышуучулар бизнестин туруктуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатышты: 80% сатуу көлөмүн көбөйттү, 70% ашыгы продукциянын түрүн кеңейтти, ал эми 47% жаңы рынокко чыгышты. Программа ишке киргенден бери кошумча 485 жумуш орду түзүлдү”, - деди Нодира Мансурова.

FINCA Банктын башкармасынын төрагасы Махмуд Саидахматов да кыз-келиндердин ишкердигин өнүктүрүүдө комплекстүү ыкманын маанилүүлүгүн белгиледи.

“FINCA Банк үчүн айымдардын ишкердигин колдоо дайыма ишибиздин маанилүү багытынын бири болуп келген жана кала берет. Бизнести өнүктүрүү үчүн каржылык ресурстар гана эмес, билим, тажрыйба жана кесиптик коштоо да зарыл. Ошондуктан мындай программалар өзгөчө баалуу. Насаатчылыктын натыйжасында аялдар өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, бири-биринен үйрөнүп, өз максаттарына ишенимдүү кадам ташташат”, - деди Махмуд Саидахматов.

Ишкер айымдар өздөрү белгилегендей, насаатчы менен иштөө жаңы билимди жана эксперттик колдоону алуу менен чектебестен, бизнести башкаруу системасын кайра түзүүгө да мүмкүндүк берет.

“Уюштуруучулар менен насаатчылык программанын катышуучуларынын колдоосу менин өзүмө болгон ишенимимди арттырды, ал эми насаатчы менен иштөө бизнести өнүктүрүү боюнча түшүнүгүмдү кыйла кеңейтүүгө жардам берди. Бул конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берген чындап эле натыйжалуу курал экен. Программанын аркасы менен мен эсепке алуу системасын түзүүгө, чыгымдарды оптималдаштырууга, продукциялардын түрлөрүн талдоого жана дүң соодага басым жасоого жетиштим”, - деп билдирди программанын бүтүрүүчүсү Мээрим Джумабекова жетишкендиктери менен бөлүшүп жатып.

Насаатчылык программасы ЕРӨБдүн “Бизнестеги айымдар” кредиттик линиясынын алкагында көрсөтүлүүчү каржылык эмес кызматтардын бөлүгү катары FINCA Банк менен биргеликте, Ишкер аялдарды каржылоо демилгеси (We-Fi) жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ЕРӨБдүн Чакан бизнести колдоо фонду (Ирландия, Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, ЕРӨБдүн техникалык кызматташтык боюнча Тайвань бизнес-фонду, Улуу Британия жана АКШ) аркылуу ишке ашырылат.

Бешинчи сезондун катышуучулар жетишкен жыйынтыктар

“Бизнестеги айымдар” насаатчылык программасынын 5-сезонуна катышуу ишкер айымдарга төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетүүгө мүмкүнчүлүк берди:

-        90% программа жеке өсүүгө оң таасирин тийгизгенин белгилешкен;
-        79% сатуунун көлөмүн көбөйткөн;
-        79% бизнестин кирешелүүлүгүн жана пайдалуулугун жогорулаткан;
-        72% продукцияларынын түрлөрүн кеңейткен;
-        72% өз брендинин таанымалдыгы жогорулаганын белгилешкен;
-        69% эмгек акы фондун көбөйткөн;
-        62% бизнес-процесстердин регламенттерин иштеп чыккан;
-        55% кызматкерлердин потенциалы жогорулаганын билдиришкен;
-        24% бизнес-процесстерди автоматташтырган же жакшырткан;
-        21% инновацияларды киргизген;
-        17% жаңы рынокторго чыккан;
-        14% бизнести өнүктүрүү үчүн каржылоо тарткан, анын ичинде өз каражаттарынын, насыялардын жана гранттардын эсебинен;
-        сезондун жыйынтыгы боюнча 64 жаңы жумуш орду түзүлгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

Электромобилдер үчүн бөлүнгөн квота түгөндү

Кыргызстан Европага жана Азияга жаңы аба каттамдарын ачууну көздөйт

Өлкөдө мейманканаларга жана конок үйлөрүнө улуттук классификация берилүүдө

Тосор айылында 30-50 млн долларлык эл аралык спорттук комплекс курулат

МИК куруп жаткан үйгө баруу үчүн башка үйлөрдүн короосу аркылуу өтүш керек: Бишкектиктер сотко кайрылышты