Кыргыз ишкерлери Өзбекстанды таң калдырууда
Кыргызстанда ишкерлик коому күчтүү. Бул тууралуу өлкөнүн америкалык соода палатасынын аткаруучу директору Алтынай Асанова "Биринчи радиого" курган маегинде айтты.
Ал кыргызстандык ишкерлердин изденүүсү, жаратмандыгы мыкты экенин белгиледи.
"Башка өлкөлөрдө өз бизнестерин ачып жатышат. Мисалы, Өзбектсанда бир топ ишкана ачышты. Өзбектер "биз мурун ойлобогон секторлорду кыргыздар келип ачып жатышат" деп таң калышууда", - деди Асанова.
Ал мамлекеттик органдарды ишкерлер коому менен тез-тез сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турууга чакырды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу