Россия балык жана сүт азыктарына коюлган чектөөлөрүн алат – Айыл чарба министрлиги

Ветеринардык кызматын директору А.Б. Жусупов менен Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын жетекчиси С. А. Данкверт ортосунда онлайн форматта талкуу өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде, Россельхознадзор КРнын «Нурагрорыбпром», «Дары Природы» балык иштетүүчү ишканаларынан «күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл» статусу менен мурда коюлган убактылуу чектөөлөр алынды.

Ошондой эле, КРнын «Ак-Булак Плюс», «Ак-Жалга», «Жайыл Милк» жана «Ала-Тоо сүт» сүт ишканаларынан “күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл” макамы менен мурда коюлган убактылуу чектөөлөр алынат.

Россельхознадзор аталган ишканаларынан балык жана сүт азыктарын Россия Федерациясынын аймагына жеткирүүнү жандандырууну чечти.