Кыргызстандык товарлар Вайлдберризде өзгөчө орунду ээледи – Татьяна Бакальчук
КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Wildberries ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору Татьяна Бакальчукту кабыл алды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн келечегин жана Wildberriess базарынын алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Өз кезегинде Татьяна Бакальчук КРдагы жеңил өнөр жайынын өнүгүшүнө жогору баа берип, кыргызстандык товарлар Вайлдберризде өзгөчө орунду ээлегендигин белгиледи.
Андан ары тараптар инвестициялык долбоорлорду талкуулашты, атап айтканда, компания Чүй облусунда ири логистикалык борбор курууга кызыкдар экенин билдирди.