Чүй облусунунда тоют заводу ачылды

Чүй облусунунда тоют заводу ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районунда «Аталык Жем» тоют заводунун салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

«Саатына 20 тонна өндүрүштүк кубаттуулугу бар бул завод жергиликтүү дыйкандардан 1 млрд сомго 60 миң тоннадан ашуун дан сатып алууга жана 50дөн ашуун жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет. Инвестициялардын жалпы көлөмү 430 млн сомду түзүп, 150 млн сому «Айыл банк» аркылуу берилген”, - деди Жапаров.

Ал кошумчалагандай, ишкананын ачылышы өндүрүлгөн тоюттун сапатын европалык стандартка чейин жакшыртат жана «бир гана тоют тармагын эмес, жалпы агроөнөр жай кластерин өнүктүрүүгө жакшы түрткү болот».

Белгилей кетсек, «Аталык Жем» тоют заводу «ЭлДан Аталык агроөнөр жай комплекси» ЖЧКсына тиешелүү жана европалык өндүрүштөгү заманбап техникалар менен жабдылган.

Заводдун негизги иш алып барган багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:

• дыйканчылык;

• үрөөнчүлүк;

• мал чарбачылык;

• жумуртка өндүрүү;

• тоют, жем өндүрүү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады