Акылбек Жапаров: Маркетплейстер – жаңы санарип кербендер

Маркетплейстер – жаңы санариптик кербендер. Бул тууралуу Бишкекте өткөн E-comkg 2023 форумунда министрлер кабинетинин төрагасы билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк электрондук соода рыногу 2025-жылга чейин 5 трлн доллардан 7.3 трлн долларга чейин өсөт. Ошол эле учурда сатуунун негизги үлүшү азыр Amazon жана Alibaba рынокторуна туура келет. Экөө тең дүйнөлүк соодага дүйнөнүн айрым өлкөлөрүнө караганда көбүрөөк таасир этет.

Электрондук коммерцияны өнүктүрүү бизнести өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү үчүн зор потенциалга ээ, ошондой эле өлкөнүн социалдык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт. Анын айтымында, Жибек жолу соода жолу гана болбостон, маданий билимдерди алмашуу үчүн да көпүрө болгон. Демек, ал кызматташтыктын эл аралык негизи болуп калды.