Баткендик ишкерлерине бюджеттик кредиттер боюнча карыздары кечирилди
Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзамды 2023-жылдын 24-майында Жогорку Кеңеш кабыл алынган.
Мыйзамда 2021-жылдын 28–30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлеринин бюджеттик кредиттер боюнча берилген карыздары, анын ичинде бул мыйзам күчүнө кирген учурга карата болгон карыздын негизги суммасын, пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана финансылык санкцияларды эсептен чыгаруу каралган.