Нарын Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусу менен кызматташтыкты күчөтөт

Нарын Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусу менен кызматташтыкты күчөтөт

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов 19-25-июнь күндөрү Кытайдын Кашгар шаарында өткөрүлгөн «Синьцзян Кашгар – Борбордук Азия жана Түштүк Азия» эл аралык форум-ярмаркасына катышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эргешов баштаган делегация Кызыл-Суу кыргыз автономдук аймагынын социалдык, маданий турмушу менен кеңири таанышты.

Нарын облусу менен Кызыл-Суу кыргыз автономдук аймагынын ортосунда соода-экономикалык жана медицина тармагындагы  байланыштарды бекемдөө, туризм тармагында кызматташуу боюнча протоколдорго кол коюлду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген