Бишкек жана Баткен ишкерлери үчүн бизнес-жолугушуу уюштурулду

Бишкек жана Баткен ишкерлери үчүн бизнес-жолугушуу уюштурулду

Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек жана Баткен шаарынын ишкерлеринин онлайн бизнес жолугушуусу өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чараны Бишкек жана Баткен шаарларынын мэриялары уюштуруп, ага Венгрия-Кыргыз жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонддорунун, Кепилдик фондунун өкүлдөрү, Бишкек жана Баткен шаарларындагы кичи жана орто бизнестин ишкерлери катышты.

Аталган жолугушуу Баткен облусун тездетилген социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, элдин жашоо шартын жана сапатын жогорулатуу, Баткен шаарынын мэриясы тарабынан Баткен ишкерлерине долбоорлорду илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

Онлайн бизнес жолугушуу эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Кепилдик фондунун өкүлдөрү баяндама жасашты. Алар жолугушуунун катышуучуларын фонддордун ишмердүүлүгү, алардын артыкчылыктуу багыттары, каржылоо критерийлери жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен тааныштырышты.

Экинчи бөлүктө, Баткендик ишкер Баткен облусунда заманбап ирригациялык тутумун киргизүү жөнүндө долбоору менен тааныштырды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media