Чолпон-Атада «Ысык-Көл-2023» VII эл аралык экономикалык форуму өтөт

Чолпон-Атада «Ысык-Көл-2023» VII эл аралык экономикалык форуму өтөт

2023-жылдын 27-июлунда Чолпон-Атанын «Рух Ордо» этно-маданий борборунда «Ысык-Көл-2023» VII Эл аралык экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялык агенттиги билдирди.

Форум Кыргызстан менен Кытайдын, Россиянын, Өзбекстандын жана башка бир катар мамлекеттердин бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду куруу үчүн аянтча болот, ал келечекте кызыктуу долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзөт.

Форум энергетика, айыл чарба, өнөр жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү, мейманкана жана ресторан бизнеси, архитектура жана курулуш (инженерия), маалыматтык технологиялар, логистика жана эл аралык транспорт сыяктуу тармактардагы кызматташуу боюнча маселесин камтыйт.

Бардык суроолор боюнча ишкерлер төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот: 0312300232; +996222012000. Каттоо шилтемеси.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду