Кыргызстанда мыкты салык төлөөчү ишканалар аныкталды

Кыргызстанда мыкты салык төлөөчү ишканалар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Сыйлоо аземи 3-июлда Салык кызматынын имаратында Салык кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында өткөрүлдү.

Алсак, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2023-жылдын 5 айындагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болуп 15 компания аталды:

• өндүрүш жана курулуш жаатында – «АДЖИ-СЕРВИС» ЖЧК, «Торгово-финансовый Холдинг Пром Инвест» ЖЧК, «Аслан Кабель» ЖЧК, «Карибе Юг» ЖЧК, «Кул Брос» ЖЧК, «Жаныбек Айтматова» ЖЧК;

• соода жана тейлөө жаатында – «РСК Банк» ААК, «Яндекс.Такси Корп» ЖЧК, «Кыргызско-Швейцарский Банк» ЖАК, «Фуд Дрим» ЖЧК, «Бир айыл – бир продукт» коомдук бирикмеси, жеке ишкер Ракия Асанбаева, «Баткен билим берүү борбору» мекемеси, Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасы;

• айыл чарба жаатында – «Агро Куш» ЖЧК.

Мыкты салык төлөөчүлөргө тийиштүү сертификаттар жана төш белгилер тапшырылды.

Сертификаттарды тапшыруунун жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Салык кызматы бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого олуттуу салым кошкон жана республиканын салык мыйзамдарын так сактаган ак ниеттүү салык төлөөчүлөргө зор урмат-сый менен мамиле кыларын белгиледи.

Ал ишкерлерге дагы бир жолу ыраазычылык билдирип, аларга ийгиликтерди жана бизнесинин мындан ары гүлдөп өнүгүшүн каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media