JIA ассоциациясы бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча өкмөткө сунуштарын берди
JIA бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушту.
Ассоциациянын жетекчиси Жоодар Омошов бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштарын берди:
Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүгө сунуштар:
• аз камсыз болгон жарандарга көмүр (көбүнчө арзан жана сапатсыз) сатып алууга бөлүнгөн субсидияларды жашыл технологияларды сатып алууга алмаштыруу;
• үйлөрдү жылуулоо үчүн субсидияларды берүү;
• жашыл технологияларды жеңилдетилген кредиттөө боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
• салыктан бошотуу.
Электр транспорттун өнүгүүсүнө шарттарды түзүү:
• электр транспорту жана заряддоо инфраструктурасы үчүн ченемдик-укуктук базаны оптималдаштыруу;
• электр заряддоочу станцияларды курууга лицензия берүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
• электр транспортторду Кыргызстанга алымсыз (без пошлина) алып кирүү убактысын узартуу, 2023 – жылы б\тът;
Формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү:
• аткезчилик менен күрөшүү;
• ишкерлер менен коммуникацияны эң жогорку денгелге чыгаруу;
• мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү санариптештирүү.
Жаңы рынокторду табуу:
• ички өндүрүштү өнүктүрүү;
• экспортту жана жумушчу күчтү диверсификациялоо;
• Кытай-Кыргыз-Өзбекстан Темир Жолун ишке ашыруу.
Региондорго көңүл буруу. Бул багыттагы негизги көйгөйлөр:
• каржы маселесин чечүү;
• Дүйнөлүк банктын ишкерлерди колдоого берген пайызсыз кредиттери ишке жакшы ашпай жатат;
• ишкерлерди окутуу.
Ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрдөн коргоо.