Салыкчылар 7 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартып алды

Салыкчылар 7 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартып алды

Салык кызматынын кызматкерлери алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөрдүн бири тарабынан идиштин сыйымдуулугуна дал келбеген акциздик маркалар чапталган алкоголдук продукцияны жөнөтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бул тиешелүү салыктарды төлөөдөн качууга алып келиши мүмкүн.

«Пшеничная» аталышындагы сыйымдуулугу 0.07 литрлик 7 миң 193 даана аракка 0,05 литр көлөмүнө берилген акциздик маркалар чапталганы аныкталган.

Продукция тартып алынып, бул факт боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органына өткөрүлүп берилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

Ишкерлердин бир катар категориясы фискалдык программалык камсыздоого милдеттендирилет

Улуттук банк гросстук эсептешүү системасына кошуу шарттарын тактоону сунуштайт

Жайылда таштанды үчүн компанияга 17 миң сом айып салынды