Москва районундагы мал чарбасы сезондо 150 га жүгөрүнү жыйноочу комбайнын сатып алды

Москва районундагы мал чарбасы сезондо 150 га жүгөрүнү жыйноочу комбайнын сатып алды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев Москва районундагы «КФХ Таштан» мал чарба фермасынында болду. Бул тууралуу өкүлдүн маалымат кызматы билдирди.

Бул чарбанын негизги өндүрүүчү продукциясы – сүт азыктары. Бул жерде да дыйкандар силос жана сенаж үчүн тоют өсүмдүктөрүн өстүрүшөт.  Республика боюнча «КФХ Таштан» ишканасы биринчилерден болуп сезондо 150 гектар жүгөрүнү силос үчүн чаап, жогорку түшүмдүүлүктү көрсөтө турган JAGUAR 850 комбайнын сатып алган.

Чарбанын ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан облус башчысы Джумагазиев келечекте айыл чарба тармагынын өсүп-өнүгүүсү үчүн алдыңкы технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген. Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө