«Жашыл» кредиттер: 15% чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү

«Жашыл» кредиттер: 15% чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү

Компаньон Банкы KyrSEFF – Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо программасы  менен энергияны үнөмдөө максатында бизнес жана керектөө кредиттерин берүү боюнча өнөктөштүгү туралуу кубануу менен жарыя кылат. Бул демилге ишканаларга жана жеке адамдарга имараттардын жана өндүрүштүк кубаттуулуктардын энергия натыйжалуулугун жакшыртууга жана айлана-чөйрөнү коргоого жардам берүүгө багытталган.

Программа (KyrSEFF) Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан иштелип чыккан. KyrSEFF III программасынын негизинде жалпы суммасы 55млн АКШ долларын түзгөн жана 2012-2022-жылдар аралыгында Европа биримдигинин колдоосу менен ийгиликтүү ишке ашырылган ушундай эле KyrSEFF I & II каржылоо программалары турат. Аталган программалар аркылуу каржыланган 3300гө жакын долбоор жыл сайын 199,201 МВт/саат энергияны, 166,000 м3 ашык сууну үнөмдөөнү камсыз кылды жана CO2нин жылдык чыгымдарын 66,000 тоннага кыскартууга жардам берди.  

Буга чейинки программалар негизинен энергия жана ресурстардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган, ал эми жаңы программа өзүнүн иш чөйрөсүн кеңейтет. Программа климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жана ага адаптация болууну колдогон жаңы инклюзивдик финансылык продуктуларды киргизүүгө, айлана-чөйрөнүн булганышын азайтууга жана сууну туруктуу пайдаланууга көмөк көрсөтүүгө багытталат.

Туруктуу өнүгүүнүн бир бөлүгү болуу менен, энергоресурстарды сактоого жана айлана-чөйрөнү коргоого өз салымыңызды кошуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Компаньон Банкы энергия үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууда сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз болууга даяр.

Компаньон Банкы кубануу менен ар кандай максаттар үчүн кредиттерди берет:

• Үйлөрдү, лоджияларды жана балкондорду жылуулоо;

• Имараттарды (тышкы дубалдарды, чатырларды жана полдорду) жылуулоо;

• Жылытуу жана муздатуу системалары үчүн жылуулук насосторун орнотуу;

• Энергоэффективдүү жарыктандырууну орнотуу (ЭЖТ-лампалар, сенсорлор, автоматика);

• Сплит системасы бар кондиционерлерди орнотуу («А+» классы жана андан жогору);

• Күн системаларын орнотуу (күн коллекторлорун, күн фотоэлектр панелдерин сатып алуу);

• Сууну үнөмдөөчү технологияларды орнотуу (крандар, душ баштары, сууну үнөмдөөчү дааратканалар, тазалоочу курулмалар, жамгыр суусун чогултуучу резервуар, тамчылатып сугаруу);

• Өндүрүш жабдууларын орнотуу;

• Энергоэффективдүү терезелерди сатып алуу, лоджияларды жана балкондорду айнектөө;

• Муздаткыч жана тоңдургуч жабдууларды сатып алуу («А+» классы жана андан жогору);

• Электромобилдерди сатып алуу (птакси паркы, микроавтобустар, маршруттук таксилер);

• Күнөсканаларды модернизациялоо ж. б.

Бул программанын негизги артыкчылыктарынын бири кредиттин суммасынан 15%га чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Башкача айтканда, кардарлар кредиттин бир бөлүгүн жарым-жартылай кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Грант энергоэффективдүү иш-чаралар ийгиликтүү ишке киргизилгенде төлөнөт. Ал эми гранттык төлөмдөрдүн өлчөмү KyrSEFF программасынын консультанты тарабынан энергоэффективдүү иш-чаралардын түрүнө жана энергияны үнөмдөөгө сарпталган каражаттардын суммасына жараша, максаттуу пайдалануу документтер менен тастыкталгандан кийин, ар бир учурда өзүнчө аныкталат

Компаньон Банкы ошондой эле кредит алуучулар үчүн бир катар ыңгайлуу шарттарды сунуштайт:

• Кредитти төлөөнүн ийкемдүү графиги кардарларга кайтарып берүүнүн эң ыңгайлуу мөөнөтүн тандоого мүмкүндүк берет;

• Бизнес-кредит боюнча жеңилдетилген мезгил.

Мындан тышкары, KyrSEFF программасына катышкан бардык кардарлар программанын адистеринен акысыз техникалык кеңеш алышат. KyrSEFF алкагында жашыл технологиялар селектору киргизилген, ал алдын ала жактыруудан өткөн жана жашыл каржылоо программаларынын алкагында ЕРӨБ каржылоосун жергиликтүү каржы мекемелеринен алууга укугу бар жогорку өндүрүмдүү технологиялардын/материалдардын эл аралык сайт-каталогу болуп саналат. Бардык кредит алуучулар үчүн берилет.

Кредит шарттары бизнес жана жеке адамдар үчүн айрымаланат. Бизнес-кредит үчүн 50 000 сомдон 2 000 000 сомго чейинки сумма жеткиликтүү, ал эми кредиттин мөөнөтү 3 айдан 60 айга чейин. Керектөө кредити үчүн 10 000 сомдон 2 000 000 сомго чейинки сумма жеткиликтүү, ал эми төлөө мөөнөтү 3 айдан 60 айга чейин.

Компаньон Банкы кардарларды бул сонун мүмкүнчүлүктөн бүгүн колдонууга чакырат. Акчаңызды үнөмдөө үчүн гана эмес, айлана-чөйрөгө пайда алып келүү үчүн, бизнесиңизди өнүктүрүп, энергоэффективдүүлүк жана энергияны үнөмдөөгө жумшаңыз.

KyrSEFF программасы жана насыялардын шарттары жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн сиз 88 00 номери боюнча Кардарларды колдоо кызматына (КРдин мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) же Компаньон Банкынын кеңселерине кайрылсаңыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media