Ошто индустриалдык-логистикалык паркы ачылат

Ошто индустриалдык-логистикалык паркы ачылат

Президент Садыр Жапаров Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы курулуп жаткан «ЕвроАзия ГРУПП» индустриалдык-логистикалык паркына барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясы билдирди.

Мамлекет башчысына объекттин аянты 5 гектарды түзөрүн маалымдашты. Жер ички инвесторлорго колдоо көрсөтүү жана аймактардагы өндүрүштү өнүктүрүү максатында конкурстук негизде мамлекет тарабынан бөлүнгөн.

Долбоорго ылайык, объекттин аймагында үч өндүрүш аянты иштемекчи: трикотаж кийимдерин тигүү фабрикасы, трикотаж кездемесин токуп чыгаруу фабрикасы жана жип өндүрүү фабрикасы. Бүгүнкү күндө индустриалдык-логистикалык парктын курулушу 70% га аяктап калды.

Үстүбүздөгү жылдын IV кварталында 800 жумуш орундуу жана өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2,1 миллион даана кийим тигүүчү фабриканын ишке кириши күтүлүүдө.  Долбоор 2,6 миллион АКШ долларына бааланган. Тигүү фабрикасынын продукциясы негизинен экспортко багытталат.

Трикотаж кездеме чыгарган фабриканын ишке кириши 2024-жылдын IV кварталына пландаштырылган. Ишкана 300 адамды жумуш орду менен камсыздайт жана күнүнө 20 тоннага чейин кездеме чыгарат. Долбоорго жатырылган каражат 18 миллион АКШ долларын түзөт.

Өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 15 тоннага чейин жеткен жип ийрүүчү фабрика 2025-жылдын III кварталынан баштап иштей баштайт. Анда 150гө жакын адам эмгектенет. Долбоордун инвестициялык салымы 3,5 миллион АКШ долларын түзөт.

Президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, мамлекет ар дайым ак ниет ишкерлерге колдоо көрсөтүп, инвесторлорго, анын ичинен ички инвесторлорго, жагымдуу шарттарды түзүүнү улантарын баса белгиледи. Регионалдык өндүрүштөргө өзгөчө көңүл бурулат.

Жергиликтүү бийликке фабриканын өндүрүштүк муктаждыктары үчүн кошумча жер тилкесин бөлүп берүү маселесин карап чыгуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун