Кочкор районунда бут кийим чыгара турган өндүрүш ишканасы ишке кирди

Кочкор районунда бут кийим чыгара турган өндүрүш ишканасы ишке кирди

Бүгүн 31-июлда Нарын облусунун Кочкор районунда «Жибек Жолу» бут кийим чыгаруучу жоопкерчилиги чектелген ишканасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кытай инвесторлорун тартуу аракети менен ачылган ишканада учурда 63 жумуш орду түзүлүп, 1 линия менен күнүнө 2000 даана спорттук бут кийимдер тигилүүдө. Ишкана болжол менен бир айда 60 миң, бир жылда 720 миң жуп бут кийим өндүрө алат. Мында иштегендердин 17си кытай мастерлери болсо, калган 46 жумушчу жергиликтүү тургундар.

Ишкана Нарын Эркин экономикалык аймагынын субьектиси болуп эсептелет. Кытай инвестору Тцао мырзанын айтымында, ишкананы ачууга 2 миллион доллар түз инвестиция салынат. Ремонт жана товар жүгүртүү иштерине 500 миң доллар жумшалары пландалган.  Сырье Кытайдан алынып келинип, Кыргызстанда тигилип, өндүрүлгөн продукция  Россия мамлекетине экспорттолот. Учурда 1 линия иштеп жатса, ушул жылдын аягына чейин 2-3-линиялар ишке кирип, жумуш орундарын 2-3 эсеге көбөйтүү планы бар.

Ишкананын ачылганына жергиликтүү тургундар ыраазы болууда. Жумушчуларга күнүнө 1000 сомдон айлык маяна, мындан сырткары тамак-аш берилет. Мамлекеттик салык кызматынын Кочкор райондук болүмүнүн башчысы Нурлан Абакиров билдиргендей, ишканадан айына болжол менен 150 миң сомдун тегерегинде киреше салыгы түшөт. Ошондой эле социалдык фондго төлөмдөр төлөнөт.

Мындан тышкары окуңуз

“Тегирмен башы” эчки чарбасы 2 млн сомдук тыбыт өндүрүүнү пландоодо

“Тегирмен башы” эчки чарбасы 2 млн сомдук тыбыт өндүрүүнү пландоодо

Баткен районундагы “Тегирмен башы” мамлекеттик эчки чарбасына Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жетекчиси Адилет Сотовалдиев тиешелүү адистер менен биргеликте иш сапары менен барып, чарбанын учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары менен таанышты.  Ветеринардык кызматтын маалыматына ылайык, иш сапардын жүрүшүндө чарбанын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, асыл тукум иштеринин жүрүшү, малдын саны,

Кытай тарап Баткендеги инвестициялык долбоорлорго кызыгуусун билдирди

Кытай тарап Баткендеги инвестициялык долбоорлорго кызыгуусун билдирди

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов кытайлык "Hebei Lugang Group" компаниясынын төрагасы Лю Руйляо баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Жолугушууда Баткендин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар жана артыкчылыктуу долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берилди. Кытайлык өкүлдөргө “Достук” эл аралык соода-логистикалык паркы, заманбап көп кабаттуу

Алдамчылыкка айыпталгандар чет өлкөдөн алынып келинди

Алдамчылыкка айыпталгандар чет өлкөдөн алынып келинди

Башкы прокуратуранын чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен жүргүзгөн натыйжалуу кызматташуусунун негизинде эл аралык издөөгө жарыяланган эки шектүүөлкө аймагына жеткирилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Маалыматка ылайык, алардын бири – Америка Кошмо Штаттарынан жеткирилген Ы.М. – алдамчылыктын бир нече эпизодун жасоого айыпталууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жарандардын ишенимине кирүү жолу менен алардын

Кара-Сууда селден жабыркаган жолдор тазаланып, каттам ачылды

Кара-Сууда селден жабыркаган жолдор тазаланып, каттам ачылды

Кара-Суу районунда 24-июнда кечки саат 21:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Ынтымак айыл аймагындагы Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 19-чакырымынан тартып бир нече бөлүгү жабыркаган. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги берген маалыматка ылайык, жерине №45 Жол эксплуатациялоо мекемесинин атайын техникасы ыкчам тартылып, тазалоо иштери