Каймак, малина, апельсин менен — нарындык Ecokurut курут сүйүүчүлөргө түрдүү даамдарды чыгара баштады

Каймак, малина, апельсин менен —  нарындык Ecokurut курут сүйүүчүлөргө түрдүү даамдарды чыгара баштады

ИШКЕР MEDIA бизнес чөйрөсүнө жаңы кадам таштаган ишкерлерди жана алардын азыктары тууралуу баяндарын улантат. Эскерте кетсек, бул жарнамалык эмес, ишкерлерди маалыматтык колдоо максатында уюштурулуп келет, анткени Кыргызстандын алыскы аймактарындагы ишкерлер борбордо таанылууга, колдоого муктаж экенин редакция мыкты билет.

Бул жолку маекте куруттун онго жакын түрүн чыгарып, ишкерлигин баштаганына бир айдай боло элек нарындык Шерназар Мирбек уулу Ecokurut азыгы тууралуу айтып берди.

— Армиядан келгенден кийин ишкерлик боюнча "Ийгилик" деген академияда окуп калдым. Андан соң эле ушул ишти баштадым. Азыр бизде жайлоодо сарайыбыз бар, ал Нарындын Ат-Башы районунун Кара-Коюн деген Таш-Рабат жайгашкан капчыгайында. Ошол жерден жайды жайлата уй, бээ саайбыз, быйыл чакан цех курдум. Ал жерден эле сүттү саап, айран уютуп, сүзмө кылып, курут жасайбыз. Жалпысынан беш-алты адам алектенет.
Курут жасалгандан кийин аны кутуларга салып, жайлоодон шаарга жөнөтүшөт. Мен аны таңгактап, түйүндөргө сатыкка чыгарам. Куруттун түрлөрү боюнча айта кетсем, жети-сегиз түрү бар. Классикалык куруттун эле тоголок, мыкчыма, бор курут деген түрлөрү бар, алардын дагы каймак, малина жана апельсин менен жасалгандары да бар.
Курутту негизи күн катуу тийбеген, көлөкө, нымдуулугу азыраак болгон жерде сакташ керек. Эгер таза, туура жол менен жасалган курут болсо, ал сегиз жылга чейин сапатын жоготпой тура берет. Бирок бир жаман жагы бар, капкаттуу болуп, тиш өтпөй калат.
Нарындын куруту менен Оштун куруту айырмаланабы, билбейм, бирок куруттун даамы сүттөн, тагыраак айтканда, уйдун кандай чөп жегенинен көз каранды. Нарында бетеге чөп эмеспи, ошого курутта пайдалуу элементтер көп болушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарынын мэри ишкерлер менен инвестиция тартуу маселесин талкуулады

Ош шаарынын мэри ишкерлер менен инвестиция тартуу маселесин талкуулады

Күн мурун Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаарда иш алып барган бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар аймагында иш алып барган бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу маселелерин талкуулады. Жолугушуунун жүрүшүндө

Улуттук банк 3 акча алмаштыруучу жайга айып пул салды

Улуттук банк 3 акча алмаштыруучу жайга айып пул салды

Улуттук банк мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек жана Кант шаарларындагы 3 алмашуу бюросуна айып пул салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросуна жана Кант шаарындагы бир алмашуу бюросуна административдик чара

Баткенде курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Баткенде курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында ишке ашырылып жаткан “Таза-Суу” долбоорунун курулуш объектисинде мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Атап айтканда, курулуш иштеринин көзөмөлгө алынуучу негизги этаптары тиешелүү тартипте кабыл алынып, тапшырылган эмес. Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Инженерная Защита" ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам

Кыргызстанда чийки сүттүн базалык баасын аныктоо маселеси талкууланды

Кыргызстанда чийки сүттүн базалык баасын аныктоо маселеси талкууланды

Кечээ Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушуу Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы №724 “Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө жөнүндө” токтому менен бекитилген чийки