Сузакта 77 млн сомго мектепке кошумча корпус курулуп жатат

Сузакта 77 млн сомго мектепке кошумча корпус курулуп жатат

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ширин айылында №106 мектепке 150 орундуу кошумча окуу корпусу курулуп жатат. Долбоордун жалпы наркы 77 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш, архиктектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Башкы планга ылайык, жаңы корпус эки кабаттуу болуп, окуу бөлмөлөрү жана спорт залы менен салынды. Имараттын жапы аянты 1480 чарчы метрди түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери заманбап талаптарга ылайык аткарылып, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Учурда курулуштун 75%ы бүткөрүлүп, Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө иштер графикке ылайык уланууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты