"Дордойдо" 370 млн сомдук эсепке алынбаган товар аныкталган – Салык кызматы ишкерлердин митинги тууралуу

"Дордойдо" 370 млн сомдук эсепке алынбаган товар аныкталган – Салык кызматы ишкерлердин митинги тууралуу

"Дордой" базарында 370 млн сом суммасында эсепке алынбаган товарлары бар 117 субъект аныкталган. Бул товарларды тастыктаган документтер жок болуп чыккан. Бул тууралуу Салык кызматы 4-сентябрда "Дордой" базарында уюштурулган ишкерлердин митинги боюнча билдирүүсүндө белгиледи.

Ушул жылдын август айында Салык кызматы салыктык каттоосуз, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөстөн иш жүргүзгөн субъекттерди аныктоо максатында "Дордой" конушунда контролдук иш-чараларды өткөргөн. Бул иш-чарада ишкердик субъекттердин жана объекттердин жайгашуусунун электрондук картасын түзүү да каралган.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө ээлери салык мыйзамдарын бузган 800дөн ашык контейнерге жана кампаларга мөөр басылган.

"Дордой" конушундагы контейнерлер жана кампалар ишкердик үчүн эмес, турак жай куруу үчүн арналган короо-жай алдындагы жер участокторунда жайгашканы аныкталган. Бул участоктор иш жүзүндө тиешелүү уруксат берүүчү документтерисиз жана салыктарды, анын ичинде мүлк салыгын төлөбөстөн, кампа жана өндүрүш объекттери жайгашкан өнөр жай аймагы катары пайдаланылган.

Айрым ишкерлер бул 10 % өлчөмүндөгү киреше салыгын төлөө милдетин салык жүгүн көбөйтүү катары эсептешип, салык төлөөдөн качуу максатында ар кандай митингдерди уюштуруп, коомчулукту адаштырышууда.

Эсепке алынбаган товарлары аныкталган бир катар салык төлөөчүлөр кошумча эсептелген салыктарды төлөй башташкандыгын белгилей кетүү зарыл.

4-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Кыдыргычов митингге чыккандар менен жолугушуп, аларга салык мыйзамдарынын ченемдерин, ошондой эле бардык ишкерлерге адилеттүү шарттарды түзүү максатында салык төлөө зарылдыгын түшүндүрдү.

Салык кызматы ишкерлерди мыйзамды сактоого жана салыктарды өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө, ошондой эле ишкерлер арасында адилеттүү атаандаштыкты түзүүгө активдүү катышууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Фискалдык программа долбооруна мончо, сауна жана фастфуд кошулду

Фискалдык программа долбооруна мончо, сауна жана фастфуд кошулду

Мамлекеттик салык кызматы фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун катышуучуларынын тизмеси кеңейтилгенин билдирди. Эми пилоттук долбоорго мончо жана сауна кызматтарын көрсөткөн ишкерлер, ошондой эле бирдиктүү бренд алдында иштеген коомдук тамактануу ишканалары жана тез тамактануу жайлары да кошулду. Мындан тышкары, жогоруда аталган категорияларга кирбеген салык төлөөчүлөр да Салык кызматы менен

"Кыргызкөмүр" ААКы былтыр көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди

"Кыргызкөмүр" ААКы былтыр көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди

Кыргызстандагы көмүр өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн болжол менен 30%ын камсыз кылган "Кыргызкөмүр" мекемеси 2025-жылы 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Ошондой эле кыртыш ачуу иштеринин көлөмү 9 млн 700 миң куб метрди түзүп, пландан

"Кепилдик фонд" ишкерлерге 18 млрд сомдон ашуун кепилдик берди

"Кепилдик фонд" ишкерлерге 18 млрд сомдон ашуун кепилдик берди

"Кепилдик фонд" ААКсы өлкөнүн ишкерлерин колдоо багытында иштеп баштагандан бери берилген кепилдиктер боюнча каражаттардын кайтарымдуулугунун жогорку деңгээлин сактап келет. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти. Фонддун тогуз жылдык ишмердүүлүгүндө бул көрсөткүч 97,6%дан 100%га чейин өзгөрүп келген. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кайтарымдуулук 98,22%ды түздү.

Банк менен пикир келишпестик жаралса – аны чечүүнүн жолдору бар: Улуттук банктын керектөөчүлөргө кеңештери

Банк менен пикир келишпестик жаралса – аны чечүүнүн жолдору бар: Улуттук банктын керектөөчүлөргө кеңештери

Кардар менен банк ортосунда пикир келишпестик жаралганда көпчүлүк жарандар кайда кайрылуу керектигин жана өз укуктарын кантип коргоону так биле беришпейт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы арыз-даттанууларды кароо тартиби кандай иштей турганын жана кандай учурларда жөнгө салуучу орган банк менен кардардын ортосундагы талашка кийлигише аларын түшүндүрүп берди.  Биринчи кадам – түздөн-түз