Салык кызматы 8 айда 158 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

Салык кызматы 8 айда 158 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

Салык кызматы 2023-жылдын январь-август айларында 158 млрд 25.9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, белгиленген план 2.1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26.1 млрд сомго көп жыйналган.

Чогулган сумманын 116 млрд 551.7 млн сомун салык жана төлөмдөр, ал эми 41 млрд 474.2 млн сомун камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт.

Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү аркылуу пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткара алды.

Контролдук-кассалык машиналар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар, электрондук эсеп-фактуралар сыяктуу салыктык башкаруу системасына инновациялык ыкмаларды киргизүү да өз салымын кошту.

Мындан тышкары, экономиканын ар кайсы тармактарын системалуу талдоо жана мониторинг жүргүзүү бизнести көмүскөдөн чыгарууга жана салык чогултуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түздү.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media