Бишкекте курулуш компанияларынын эсебинен жол салынат – 700 метрдин сметалык баасы 79 млн сом

Бишкекте курулуш компанияларынын эсебинен жол салынат – 700 метрдин сметалык баасы 79 млн сом

Бишкекте биринчи жолу курулуш компанияларынын эсебинен жол салынып жатат. Бул маселени чечүү үчүн мэр Эмилбек Абдыкадыров шаардын түштүк зонасында объектилери бар курулуш ишканалардын өкүлдөрүн чогулткан. Бул тууралуу баш калаа башчысы пресс-тур учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин түштүгүндө пайдаланууга берилген үйлөр бар, аларда эл жашайт.

«Алар кандайдыр бир жол менен жүрүш керек. Мен компанияларга жол курууну сунуштагам. Алар түшүнүп, макул болушту. Биз өз тарапыбыздан бардык долбоордук-сметалык документтерди даярдадык. Азыр Куттубаев көчөсүнүн уландысы болгон жолдун курулушу башталды», - деди ал.

Жолдун узундугу 700 метрди түзөт, жолду бөлүүчү тилке жана тротуарлар болот. Долбоордун жалпы баасы 79 млн сомду түзөт. Мэрия бул жолду Жукеева-Пудовкина көчөсү менен бириктирет.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун