Финансы министрлиги ишкерлерге пайызсыз насыя алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди

Финансы министрлиги ишкерлерге пайызсыз насыя алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди

Финансы министрлигинин Кредиттик линияны башкаруу бөлүмүнүн директору Бермет Мусакожоева Коомдук тамактануу ишканалары ассоциациясынын өкүлдөрү менен, тактап айтканда, «Кыргыз коомдук тамак-ашы» коомдук бирикмесинин башкы директору Анатолий Деревинский менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Финансы министрлигинин өкүлдөрү “Микро, кичи жана орто бизнести ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында мамлекеттен кайтарымсыз каржылык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Мусакожоева коомдук тамактануу, соода жана өндүрүш тармагындагы ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири токтолуп, ошондой эле Финансы министрлиги чакан жана орто бизнести салыктан карызы жок жана 6 айдан кем эмес иштеген ишкерлеге колдоо көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациясынын мүчөлөрү долбоордун алкагында күрөө, каржылоо багыттары жана коммерциялык эмес бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөр боюнча суроолорду узатышты. Финансы министрлигинин өкүлдөрү кеңири жоопторду берип, кайтарымсыз каржылык колдоо алуу боюнча кеңеш беришти.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун