Кыргызстан Qatar Travel Mart туристтик көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстан Дохадагы Qatar Travel Mart туристтик көргөзмөсүнө биринчи жолу катышып жатат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

Такталгандай, Кыргызстандын улуттук стендинде төрт туроператор жана бал өндүрүүчү компания бар. Көргөзмөнүн алкагында өлкөбүздүн бет ачары болуп өттү. Конокторго кыргыз бийи көрсөтүлүп, Катардагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү даярдаган боорсок менен чак-чак тартууланды.

Көргөзмөнү өткөрүүгө Катардагы элчилик чоң жардам көрсөттү.

Qatar Travel Mart экинчи жолу өтүп жатат. Ал туризмдин бардык тармактарын бириктирет - бизнестен маданиятка чейин, медицинадан спортко чейин. Быйыл 60 өлкөдөн 250дөн ашык компания катышууда.