Америкалык соода палатасынын мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн жылдык жолугушуусу «AmCham GALA 2023»

Америкалык соода палатасынын мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн жылдык жолугушуусу «AmCham GALA 2023»

2023-жылдын 1-декабрында жылдын эң ири бизнес-окуяларынын бири – «Шератон Бишкек» мейманканасында Америкалык соода палатасынын мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн «AmCham GALA 2023» жылдык жолугушуусу болуп өттү. Кечеге дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, алдыңкы компаниялардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер жана Америкалык соода палатасынын мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын борбордук учуру бизнестин ар кандай чөйрөлөрүндөгү көрүнүктүү жетишкендиктерди баалоо менен «AmCham Awards-2023» сыйлыгын тапшыруу болду. Төмөнкү жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз:

Инновация жана технологиядагы жетишкендиктери үчүн – БААУ Инновациялык колледжи;

Жылдын мыкты иш берүүчүсү – «Бейкер Тилли Бишкек» ЖЧКсы жана «Скай Мобайл» ЖЧКсы («Билайн» СМ);

Жылдын насаатчысы – «М-Вектор» компаниясынын башкы директору Наиль Хайбулин жана «Эко Ферма» дыйкан чарбасынын (СM «Экомейд») негиздөөчүсү Жамиля Иманкулова;

Коомдун жыргалчылыгы үчүн иштөө – «Бакай Банк» ААК;

Жылдын ачылышы – «ПЕНА» ЖчКсы;

Кардарга багытталган бизнестин лидери – «Хаятт Ридженси Бишкек» мейманканасы жана «Biexpo» ЖЧК көргөзмө компаниясы;

Жашыл лидер – «Дос-Кредобанк» ААК;

Жылдын командасы – «Кант ТШП» ЖЧКсы жана «М-Вектор» ЖЧКсы;

Жылдын өнөктөшү – «Парк Отель» мейманканасы.

Иш-чаранын алкагында Американын Соода-өнөр жай палатасынын жаңы мүчөлөрүн салтанаттуу куттукташты.

2022-2023-жылдары AmChamга кошулган компаниялар:

A1 Project, "Жашылча" ЖчКсы, ACT Building, "Бакай Банк" ААК, "Аманат Азия" ЖчКсы, "Финтех" ЖчКсы и "Финтех Тим" ЖчКсы, ORO Multibrand Jewelry, "Бюро бухгалтерских услуг" ЖчКсы, Globalink logistics Group, "Снэк Фудс" ЖчКсы (ТМ "Тойбосс"), "Главтур, Бишкек" авиа-агентствосу, Oriflame Cosmetics, "НСК" ЖАК камсыздоо компаниясы, Helios Group Development, "Чистая линия" ЖчКсы, Kyrgyz-Concept, InterWorkExchange, "Айыл Банк" ААК, "Оптима Банк" ААК, Ernst and Young Audit, Nova Clinic, "Тооашкан" ЖчКсы, "Альтернатива Гарант", "Керамир" компаниясы, Кыргызский ювелирный завод "Алтын" ЖчКсы, "АЮ Спорт" ЖчКсы, "Альянс Алтын" ЖчКсы,  Kanda CA, QSI International School of Bishkek, "Пена" компаниясы, "AnT Group" компаниясы.

АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери мырза жана Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын директорлор кеңешинин төрагасы Назира Бейшеналиева жаңы мүчө компанияларга мүчөлүк сертификаттарын тапшырышты. Америкалык Соода палатасы жаңы мүчөлөрдү тосуп алууга кубанычта жана келечекте ийгиликтүү кызматташууну чыдамсыздык менен күтөт.

«AmCham GALA 2023» иш-чарасы Platinum демөөрчүсү – «Кант ТШП» ЖЧКсы жана Gold-демөөрчүсү – «Бакай Банк» ААК тарабынан колдоого алынган. Ошондой эле кеченин өнөктөштөрү – Optima Bank, Borusan Cat Кыргызстан, World Class, "Кыргызский ювелирный завод "Алтын" ЖчКсы, Amanat Asia, ORO Jewellery Store, Pena, Hyatt Regency Bishkek, M-Vector, Park Hotel, KFC "Фуд Дрим" ЖчКсы, Sheraton Bishkek, Forester, "Кока-Кола Бишкек Боттлерс" ЖАК, Abdysh Ata, Herbalife Nutrition жана Sierra ыраачызылык билдиребиз.

Америкалык Соода палатасы бардык катышуучуларга, демөөрчүлөргө жана өнөктөштөргө AmCham GALA 2023 ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Биз Platinum-демөөрчүсү «Кант ТШП» ЖЧКсына жана Gold-демөөрчүсү «Бакай Банк» ААКсына өздөрүнүн берилгендиги менен дайыма колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Алдыда бизди жаңы бийиктиктер күтүп турат, биргелешкен күч-аракет менен биз мындан да чоң ийгиликтерге жете аларыбызга ишенебиз. Баарын келечектеги иш-чараларыбызга катышууга чакырабыз жана бирге жаңы жетишкендиктерди жана жетишкендиктерди күтөбүз!

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун