Бишкекте курулуш ишканаларга 129 миң сомго айып пул салынды

Бишкекте курулуш ишканаларга 129 миң сомго айып пул салынды

Бишкектин мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы менен биргеликте төмөндөгү мыйзам бузуулар боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Шаардын айланасындагы рейддин жыйынтыгында 16 курулуш объектилери текшерилип, муниципалдык инспекция тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 129 000 миң сомдук 9 протокол түзүлдү:

·         «Гарант Девелопмент» ЖЧКсы 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;

·         «Браво Билд» ЖЧКсына 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;

·         «АЗМ-Строй» ЖЧКсы 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;

·         «Квентин» ЖЧКсына 114-берене боюнча 13 миң сом өлчөмүндө;

·         114-берене боюнча «Аалам Строй» ЖЧКсына 13 миң сом;

·         «Экспо Курулуш Строй Компани» ЖЧКсына 14-берене боюнча 13 миң сом;

·         «Голден Констракшн» ЖЧКсынан 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом;

·         «Эм Эс Билдинг» ЖЧКсы 177-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом өлчөмүндө;

·         «Семак Констракшн» ЖЧКсы 107-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 5 миң сом өлчөмүндө.

Read more

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» кен казуучу компаниясы бюджетти дээрлик 6.2 млрд сомго толуктаган. Сентябрь айында салык төлөмдөрү 767 млн сомдон ашты. Бул тууралуу компания Economist.kgге билдирди. «Альянс Алтын» белгилегендей, алтынды сатуудан түшкөн салык отчеттук мезгилде дээрлик 5 млрд сомго жеткен. Ал эми сентябрь

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» тоо-кен казуучу компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди. Рейтинг Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жарыяланды. Мекеменин маалыматы боюнча, ишкана престиждүү республикалык көрсөткүчтө төртүнчү орунду ээлеген. «Альянс Алтын» белгилегендей, бул жетишкендик компаниянын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө умтулуусу жана өлкөнүн экономикасына жигердүү салымынын аркасында мүмкүн болду.

Элдик комиссия Жерүйгө барды

Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди. Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин