Креативдүү индустриялар паркынын ишинин түрлөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык бекитилди

Креативдүү индустриялар паркынын ишинин түрлөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык бекитилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Креативдүү индустриялар паркы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомго кол койду.

Токтомго ылайык, Креативдүү индустриялар паркынын Креативдүү индустриялар паркынын ишинин түрлөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык ылайык такталып, бекитилди. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине кабыл алынган түзөтүүлөр менен парктын Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары кеңейтилди жана бул органга паркта резиденттик статусун алуу үчүн арыз берген ар бир талапкердин ишинин түрүнүн креативдүүлүгүн жекече аныктоо укугу берилет.

Муну менен парктын Байкоочу кеңеши парктын резидентине арыз берген ар бир талапкердин арызын кылдаттык менен карап чыгат жана ага парктын резиденти статусун берүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Бул паркка өз алдынча, объективдүү, калыс чечим кабыл алууга, анын ичинде парктын резидентине талапкердин салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөрдөн качуусуна жол бербөө максатында анын ишмердүүлүгүнө деталдуу талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет деп ишенебиз.

Аталган мыйзамга ылайык парктын Байкоочу кеңешине министрлер кабинетинен эки өкүл жана жеке сектордон беш мүчө (ишкердик ишмердиктин креативдүү чөйрөлөрүнүн коомдук бирикмелери) кирет. бул креативдүү индустрияны өнүктүрүү боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алуу жагында министрлер кабинетинин жеке секторго толук ишеним артаарын көрсөтүп турат.

 

Белгилей кетсек, салык мыйзамдарынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн алкагында парктын режими үчүн преференциялар каралган. Атап айтканда, киреше салыгынын ордуна, КНС жана СС парктын жашоочулары чейрек киреше салыгын төлөйт. Парктын резиденттери, анын ичинде резиденттин кызматкерлери орточо айлык эмгек акынын 12% өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.

 

             Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өттү. Жыйын Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, министрликтин кызматкерлери

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Джунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарындагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 8-майда адистер системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу берүү процессине даярдык иштерин башташат. Ал эми Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бере баштайт. Алгач