Ала-Буканын фермерлерине Өзбекстанга мал-жандык экспорттого мүмкүн пайда болду
Ала-Букада мал өткөрүү пункт курулду. Ал аркылуу Өзбекстанга мыйзамдуу түрдө мал-жандык экспорттоло баштайт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү билдирди.
Такталгандай, 2023-жылдын 18-декабрында өткөрмө пунктунун ачылуу аземи болду.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, коңшу Өзбекстандын Наманган облусунун акиминин орун басары Окибжон Инамов, жергиликтүү бийлик, ишкерлер жана айыл тургундары катышты.