Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө

Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука мамлекеттик маанидегиавтомобиль жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Унаа жолдун  жалпы узундугу  54 чакырым.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, жолдун 34–39 чакырым аралыгындагы 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери каралган.

Бүгүнкү күндө №38 Жол тейлөө мекемеси тарабынан 38–39 чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Планга ылайык, 17-июнда аталган 5 чакырымдык тилкедеги асфальт төшөө иштери толугу менен аяктайт деп күтүлүүдө. 

Бул жол Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашып, Таш-Көмүр шаарын Аксы жана Ала-Бука райондору менен байланыштырган маанилүү транспорттук каттамдардын бири болуп саналат.

Ал эми жолдун сапатын жакшыртуу аймактагы транспорттук каттамдардыныңгайлуулугун арттырып, жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын коопсуздугункамсыздоого, ошондой эле аймактар ортосундагы транспорттук байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды