Ош облусунун базарларында ижара акысын төмөндөтүлдү

Ош облусунун базарларында ижара акысын төмөндөтүлдү

УКМК тарабынан Ош шаарындагы жана Ош облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери менен ижара акысын төмөндөтүү жана базардагы соодагерлерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Жыйынтыгында ири базарлардын ээлери бул демилгени жакшы кабыл алып, өлкө жетекчилигин жана алар жүргүзгөн саясатты колдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Ош шаары боюнча:

·         «Келечек» ЖЧКсы (кийим-кече базары), базардын аткаруучу директору Сопиев Баатырбек Акимович ижара акысын 30%га түшүрдү;

·         «Кудайберди» ЖЧКсы  (автотетик базары), аткаруучу директору Усонов Нурлан Айтбаевич, ижара акысын 25%га түшүрдү;

·         «Ош Акташ» АК (автотетик базары), аткаруучу директору Дорбанов Мирланбек, ижара акысын 25%га түшүрдү;

·         «ТД Арча» ЖЧКсы, ээси Кулушов Темирбек Эргешович ижара акысын 20%га түшүрдү;

·         «Момун Ата Базары» ЖЧКсы, директордун орун басары Узаков Нурмамбет Базарбекович ижара акысын 50%га түшүрдү;

·         «Орозбу» кичи базары, ээси ЖИ Ахмедова Эльмира, ижара акысын 25%га арзандатты;

·         «Фрунзенский» кичи базары, ээси Арзибаев Алмазбек Төлөнович, ижара акысын 20%га төмөндөттү;

·         Бостон кичи базары, ээси Карим Пазилов, ижара акысын 30%га түшүрдү;

·         «Бексултан» кичи базары, ЖИ «Текенова Ч.» ижара акысын 25%га чейин төмөндөттү;

Кара-Суу районунда базар ээлери ижара акысын 20-50%га төмөндөтүштү:

·         Кара-Суу районундагы «Сайкал ЮГ» ЖЧКсы, базардын аткаруучу директору Алмаматов Замирбек Абибиллаевич;

·         «КСБ» ЖЧКсы, Кара-Суу району, ээси Эргешов Анарбай Кочкорбаевич;

·         «Аманат МДМ», Кара-Суу району, директору Жоошбаев Нурлан Жеңишбекович;

·         «Хон Тей Ян» ЖЧКсы, Кара-Суу району, ээси Турсуналиев Шукур Турсуналиевич;

·         Кара-Суу районундагы «Жээнбекова» ЖИ, аткаруучу директору Самиева Анипа Манасовна;

·         Кара-Суу району «Надыров» ЖИ, аткаруучу директору Самиева Анипа Манасовна;

·         Кара-Суу районундагы «Адылов» ЖИ, аткаруучу директору Самиева Анипа Манасовна.

·         ЖИ «Шайназарова Б. », директору Садирова Үпөл Нурмаматовна.

Өзгөн району боюнча:

·         Дан базарынын ээси Шарипов Садык Шакиржанович ижара акысын 30% төмөндөттү;

·         Жашылча базары, ээси Октом Хайдаржанович Набижанов, ижара акысын 30%га төмөндөттү;

·         Оюнчук базары, ээси Каримов Отабек Токтосунович, ижара акысын 30%га арзандатты;

·         «Келечек» соода борбору, ээси Абдумоминов Абдумалик Абдукаюмвич ижара акысын 30%га түшүрдү.

Ноокат району боюнча:

·         «Ноокат ТРК» борбордук базары, ээси Алиев Кубанычбек, ижара акысын 20%га арзандатты;

·         «Береке Гранд» соода комплексинин ээси Абжалиев Кубаныч ижара акысын 20%га түшүрдү.

Араван району боюнча:

·         Жашылча базары, жеке ишкер Мадрахимова Октамхан Абдукахаровна, ижара акысын 50%га төмөндөттү;

·         Кийим-кече базары, менчигинин формасы «кооператив», жетекчиси Абдураимов Абдумуталип, ижара акысын 50% төмөндөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Учурда кооперативдин мүчөлөрүнүн чогулушу болуп, аренда акысын төмөндөтүү боюнча талкуу болуп жатат;

·         Кийим-кече базары, жеке ишкер Нурмухамадов Махмадибрагим, ижара акысы 50%га арзандады;

·         «Ак-Була» базары, жеке ишкер Абдыхалыков Нурлан Нишанбаевич, ижара акысын 50%га төмөндөттү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media