5 миңден ашуун салык төлөөчү Salyk.kg мобилдик тиркемесин колдонууда
Акыркы эки жумада 5 миңден ашуун салык төлөөчү Salyk.kg мобилдик тиркемесин жүктөп алып, активдүү колдоно башташты. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында Мамлекеттик салык кызматы Salyk.kg. тиркемесин ишке киргизген.
Мобилдик тиркеме Cabinet.salyk.kg “жеке кабинетинин” веб-версиясында иштеген салык төлөөчүлөр үчүн жеткиликтүү.
Тиркеменин жардамы менен колдонуучулар онлайн режимде төмөнкүлөрдү жүргүзө алышат:
· салыктарды төлөөнү;
· электрондук патентти жана камсыздандыруу полисин тариздөөнү;
· электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөөнү;
· карыздын же ашыкча төлөмдүн бар экендигин текшерүүнү;
· салык отчетторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшырууну;
· салык органдарынан маалымкат алууга суроо-талап жиберүүнү;
· катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алууну.
Salyk.kg тиркемесин Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алууга болот.