“Ихсан Групп ЛТД” турак жай курулуш кооперативинин иши иликтөөнүдө – ИИМ

“Ихсан Групп ЛТД” турак жай курулуш кооперативинин иши иликтөөнүдө – ИИМ

ИИМдин тергөө кызматы тарабынан «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

2022-жылдын 17-ноябрында “Ихсан Групп” кооперативинин жооптуу кызматкери А.О.Т тергөөгө келүүдөн баш тартып качып кеткендигине байланыштуу ага карата ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан 396 факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен  айыбы сырттан угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы камакка алуу түрү сырттан тандалып, ага карата издөө жарыяланган.

Ал эми, 2022-жылдын декабрь айында “Ихсан Групп” кооперативинин жооптуу кызматкерлери  Б.А.Т. жана А.Э.К., жалпы төрт жүздөн ашык факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен  айыбтары угузулуп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн.  

Жогоруда көрсөтүлгөн төрт жүздөн ашык факты боюнча жабырлануучуларга жалпы келтирилген материалдык чыгым 425 миллион сомдон ашкан.

Мындан тышкары, “Ихсан Групп ЛТД” кооперативинин түштүк регионунун филиалына карата 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергелүүдө.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш фактылар боюнча жабырлануучуларга 276 млн сомдон ашык материалдык чыгым келтирилген.

«Ихсан групп ЛТД» кооперативине карата жарандардын арыз менен кайрылышынын себеби, келишим боюнча турак жайды сатып берүү мөөнөтү өтүп кеткен учурлар болгон.

Бүгүнкү күндө «Ихсан Групп ЛТД» кооперативи өз ишмердүүлүгүн улантууда, себеби аталган кооперативге көптөгөн жарандар катталып турак жай алганы белгилүү жана ошол эле турак жай алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча каражатарын төлөп келишүүдө.

Аталган «Ихсан Групп ЛТД» комерциялык эмес турак жай кооперативинин баардык банктык эсебине камак (арест) салынып, тергөө иштери Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө. 

Ошондуктан ар бир жаран турак жай сатып алуудан мурда, турак үйдү курган компания тууралуу маалыматтарга ээ болуп, аларды талдоо жана тандоо керек.

Алсак, ал ишканаанын тарыхы, документтери (жердин кызыл китеби, курулушка лицензия ж.б), курулуш ченемдеринин сакталуусу, объект жайгашкан район, курулуш технологияларына терең кылдат көңүл буруу керек.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

16-июнда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков  Кыргызстандагы Пакистандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуп, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Экономика жана коммерция министрлигинин басма соз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар 2025-жылдын 3–4-декабрында президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” Коргоо министрлигине 253 885 310 сом өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөп берди. Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, бул төлөм 2025-жылы Жеңиш чокусунун аймагында куткаруу операциясын аткаруу учурунда жабыркаган Ми-8 тик учагы боюнча жүргүзүлдү. Тик учак 2024-жылы камсыздандырылган. Бул – Кыргызстандын камсыздандыруу тарыхындагы авиациялык окуя боюнча эң ири

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын ишин өркүндөтүүгө багытталган жаңы жарлыкка кол койду. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиргендей, документке ылайык, администрациянын түзүмүнө жана штаттык курамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Жарлык менен мамлекеттик кызмат орундарынын айрым аталыштары такталып, президенттин администрациясынын курамына катчылык институту расмий киргизилди.  Ошондой эле Администрациянын жаңыланган түзүмү жана

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин 16-июндагы жыйынында Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков өлкөнүн 2025-жылдагы акча-кредит саясатынын негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду. Талкуу маалында эл өкүлү Айсаракан