Жалал-Абадда күрөөкананын мыйзамсыз иш аракетине бөгөт коюлду

Жалал-Абадда күрөөкананын мыйзамсыз иш аракетине бөгөт коюлду

Жалал-Абаддагы «Чынчыл күрөөкана» унакүрөөканасынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн жабыркагандардын арыздардын алкагында аталган ломбарддын ээлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, КРнын жарандары 1985-жылы туулган А.С.М. жана 1995-жылы туулган М.Э.Т. тиешелүү лицензиясы жок күрөөкананын мыйзамсыз ишин жүргүзүп, ири өлчөмдөгү 240% жылдык ссудаларды беришкен. Аларга ишенип берилген адамдардын атына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менен камсыз кылынгандыгы аныкталган. Бир канча убакыттан кийин келишимдердин мөөнөтү бүтөөрүн күтпөстөн, алар өздөрүнө ишенип берилген мүлктү өзүм билемдик менен сатып, үстөк пайызы күрөөнүн баасынан эбак эле ашып кеткенин жүйө келтиришкен.

“Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык, башкача айтканда, алдамчылык же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө укукка ээ болуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду”, - деп белгиленет билдирүүдө.

2024-жылдын 15-январында бул кылмыш ишинин алкагында «Чынчыл күрөөкананын» ээлери: 1985-жылы туулган А.С.М. жана 1995-жылы туулган М.Э.Т. кармалып, алардын жашаган жеринен тинтүү учурунда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр боюнча документтер табылып алынган.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди, азыркы убакта бул адамдар тарабынан жасалган башка кылмыштарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Соң-Көлдөн 5 миң метрден ашык тор табылды

Соң-Көлдөн 5 миң метрден ашык тор табылды

20-21-июнда Соң-Көлдө жаратылышты коргоо багытындагы кезектеги рейд өткөрүлдү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү жана Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери катышты. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, рейд учурунда көлдүн акваториясынан мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлор

2 жылдан бери 6 адамга мыйзамсыз маяна берилип келген

2 жылдан бери 6 адамга мыйзамсыз маяна берилип келген

Ысык-Ата районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинде иштебеген кызматкерлерге мыйзамсыз маяна төлөө фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан “Бала-Кербен” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун жооптуу кызматкерлери тарабынан

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 165 миң сом айып пул салынды

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 165 миң сом айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, бир төлөм уюму жоопко тартылды. Улуттук банктын маалыматына караганда, төлөм уюмуна жалпы суммасы 165 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган,  бирок кандай талаптардын бузулгандыгы ачыкталган эмес. 2016-жылдын 19-июнуна карата Кыргыз Республикасынын

Кыргызстан менен АКШ аба каттамдарын көбөйтүү жолдорун талкуулашты

Кыргызстан менен АКШ аба каттамдарын көбөйтүү жолдорун талкуулашты

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, авиация тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады. Мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин ырасташты. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы “Ачык асман” жөнүндө