Кыргызстан менен АКШ аба каттамдарын көбөйтүү жолдорун талкуулашты

Кыргызстан менен АКШ аба каттамдарын көбөйтүү жолдорун талкуулашты

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, авиация тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады.

Мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин ырасташты.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы “Ачык асман” жөнүндө макулдашуунун долбоору болду. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жана авиация тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Мындан тышкары, Boeing компаниясы менен кызматташуу маселелери каралып, Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүү боюнча келечектүү багыттар сөз болду.

Ошондой эле жолугушууда АКШнын "Transportation Security Administration" кызматы жүргүзө турган аудитке даярдык көрүү жана жүк ташуучу авиакомпаниялардын каттамдарын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 22-июндан 25-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталат. Ошондой эле бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экени

Соң-Көлдөн 5 миң метрден ашык тор табылды

Соң-Көлдөн 5 миң метрден ашык тор табылды

20-21-июнда Соң-Көлдө жаратылышты коргоо багытындагы кезектеги рейд өткөрүлдү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү жана Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери катышты. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, рейд учурунда көлдүн акваториясынан мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлор

2 жылдан бери 6 адамга мыйзамсыз маяна берилип келген

2 жылдан бери 6 адамга мыйзамсыз маяна берилип келген

Ысык-Ата районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинде иштебеген кызматкерлерге мыйзамсыз маяна төлөө фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан “Бала-Кербен” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун жооптуу кызматкерлери тарабынан

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 165 миң сом айып пул салынды

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 165 миң сом айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, бир төлөм уюму жоопко тартылды. Улуттук банктын маалыматына караганда, төлөм уюмуна жалпы суммасы 165 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган,  бирок кандай талаптардын бузулгандыгы ачыкталган эмес. 2016-жылдын 19-июнуна карата Кыргыз Республикасынын