«Компаньон банк» кардарларды Бишкектин борборундагы кеңсеге чакырат

«Компаньон банк» кардарларды Бишкектин борборундагы кеңсеге чакырат

Компаньон Банктын жаӊы кеңсеси өзүнүн туруктуу жана жаӊы кардарлары үчүн эшигин ачты. Кеӊсе Бишкектин так борборунда, Абдрахманов көч. 170/1 дарегиндеги “Ордо” бизнес борборунда жайгашкан. Анын ачылышы аземи 2024-жылдын 31-январында болуп өттү. 

Ачылыш салтанатка кардарлар жана өнөктөштөр, ошондой эле банктын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты. Банк бардык конокторду белектер жана көӊүл ачуу программасы менен кубантты.

«Бул кеңсенин ачылышы бизге жана биздин кардарларга маанилүү окуя болуп саналат. Биз аларга финансы операцияларды жүргүзгөн гана жер эмес, нукура жайлуулук жана ыӊгайлуулук түзүүгө умтулабыз», - деп Компаньон Банк Башкармасынын мүчөсү Наталия Фефилова белгиледи. 

Компаньон Банктын Борбордук филиалынын директору Марат Тайжанов айтып бергендей, кеңсенин жаңы заманбап интерьеринде кардарлардын жайлуулугу жана кызматкерлердин жумуш иштеши үчүн бардык ыӊгайлуу шарттар эске алынган. Аянты 500 чарчы метрди түзгөн кеӊседе көп сандаган адамдарды ыкчам тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кардарларга финансылык маселелерди ишке ашыруу, ошондой эле кредиттер, депозиттер, эсептешүү эсебин ачуу, акча которуу, валюта алмаштыруу сыяктуу бизнес милдеттерди чечүү үчүн бардык банк кызматтары, мындан тышкары, банктын аралыктан кызмат көрсөтүүсү боюнча консультациялар жеткиликтүү. 

«Компаньон Банктын кардарлардын жайлуулугун ойлогону абдан кубандырат. Мага жаӊы офис абдан жакты! Мен бул банк менен көп жылдан бери иштешип келем жана финансылык маселелеримди чечүү мурдагыдан дагы жагымдуу болуп калды», - деп пикирин билдирди банктын кардары Мураталиев Джодотбек.

Компаньон Банктын филиалдары – өлкөдөгү эӊ кеӊири тармактардын бири. Анын 100 ашык кеӊселери өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан, ал эми 430 000 ашык кардардар банк менен кызматташат жана ишенет.

Мындан тышкары окуңуз

“Бала ырысы” жөлөк пулун кандай шарттарда алса болот?

“Бала ырысы” жөлөк пулун кандай шарттарда алса болот?

“Бала Ырысы” жөлөк пулу 1-июлдан тарта 3 жашка чейинки балдарга, үй-бүлөнүн социалдык экономикалык абалына карабастан жана 3 жашка чейинки бала ата-энеси менен же баккан адам менен чогуу жашаган учурда, “Бала Ырысы” ар айлык мамлекеттик жөлөк пулу 1200 сом өлчөмүндө киргизилүүдө. Кыргызстандын калкынын 38%ын балдар түзөт. Улуттук

Өлкөдөгү мыкты салык төлөөчүлөр сыйланышты

Өлкөдөгү мыкты салык төлөөчүлөр сыйланышты

Бүгүн, Мамлекеттик салык кызматында КРнын Салык кызматкерлеринин күнү салтанаттуу иш-чара менен белгиленди. Иш-чарага салык кызматынын жетекчилиги, кызматкерлери жана мыкты деп таанылган салык төлөөчүлөр келип катышышты. Анын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Салык кызматы мамлекеттик бюджетке кирешелердин туруктуу түшүүсүн камсыздап, өлкө экономикасын өнүктүрүүдө жана салыктык

Ош шаарынын казынасы 7,5 млрд сомго жетти

Ош шаарынын казынасы 7,5 млрд сомго жетти

Ош шаарында салыктык түшүүлөр 1 млрд 683 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 505 млн сомго көбөйдү. Бул тууралуу Салык кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн иш-чарада калаа башчысы Жанар Акаев билдирди. Маалыматка ылайык, акыркы эки жылда Ош шаарынын жергиликтүү бюджети 2 эсеге өсүп, 2026-жылга карата трансферттер менен

“Бала ырысы” жөлөк пулун алууга арыздар кабыл алына баштады

“Бала ырысы” жөлөк пулун алууга арыздар кабыл алына баштады

1-июлдан баштап 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул — "Бала ырысы" боюнча арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөн брифингде билдирди. Министрдин орун басарынын айтымында, бүгүн эртең мененки сааттардан