Яндекстен Python акысыз курсу

Яндекстен Python акысыз курсу

Яндекс 6-февралдан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда «Python тилинде программалоо» онлайн-курсуна акысыз кабыл алуу баштайт. Ал информатика мугалимдеринин квалификациясын, техникалык жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана программисттердин көндүмдөрүн жогорулатат.  

«Квалификацияны жогорулатуу курстарын онлайн-форматка өткөрүү билим берүүнү санариптештирүүдөгү артыкчылыктардын бири. Бул программада мугалимдер курс тандай алат жана аралыктан окуйт», - дейт КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева. 

Өтүнмөлөр 31-мартка чейин кабыл алынат. Катталуу үчүн катышуучунун анкетасын толтуруу жана почтадан окутууга шилтеме бар катты күтүү керек. 

«Биз былтыртан тартып Бишкектеги биздин «Программалоо мектебинде» Python тилинде программалоого жогорку класстардын окуучуларын окута баштадык жана мындан ары да экспертиза менен бөлүшүүгө даярбыз. Жаӊы курс мугалимдерге билим берүүгө кошо турган актуалдуу инструменттерди алууга мүмкүндүк берет. Студенттер жана программисттер жаӊы шыктарды өздөштүрөт жана маселелерди чечүүдө өздөрүн сынайт», - дейт Кыргызстандагы Яндекс Go компаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов. 

Курс сабактар, маселелер жана тесттер, ошондой эле жыйынтыктоочу тест менен бирге 5 модулдан турат. Катышуучулар тилдин базалык түзүлүшүн, коллекцияларды, сүрөттөрдү документтерди жана бет ачарларды иштетүү үчүн китепканаларды жана объектиге багытталган программалоонун негизги концепцияларын үйрөнүшөт.

Окутуу 1-1,5 айга жакын созулат – аны 31-майга чейин бүтүрүү керек. Курстан жана жыйынтык тесттен ийгиликтүү өткөн катышуучулар Яндекстен сертификат алышат, аларга акысыз методикалык материалдар дагы кошумча жеткиликтүү болот.

Мындан тышкары окуңуз

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Майыптыгы бар жарандардын мамлекеттик кызматка иштөөсүнө жол ачылды

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 4-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик кызматка кирүүсүнө шарт түзүлөт. Мыйзам менен “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкек шаарында суунун баасы кымбаттады

Бишкекте муздак суунун баасы көтөрүлдү. Бул чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алды. Маалыматка ылайык, суунун бир куб метринин баасы 10,45 сомдон 15,73 сомго чейин, ал эми канализация үчүн 3,45 сомдон 6,80 сомго чейин көтөрүлдү. Бишкек шаардык кеңешине суу менен камсыздоо тарифтерин көтөрүү сунушун борбор калаанын мэриясы

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

"Чоң-Капка – автожол” өткөрүү пункту 70 млн сомго оңдолду

Талас облусунун Манас районунда жайгашкан “Чон-Капка – автожол” автомобиль өткөрүү пунктунда комплекстүү оңдоо иштери аяктады. Маалыматка ылайык, “Чон-Капка – автожол” өткөрүү пунктунун оңдолушу менен жарандардын транспорт каражаттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жакшырды. Ошондой эле көзөмөлдөөчү органдардын иштөөсү үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында жүргүзүлдү. Долбоорду ишке ашырууга жалпы 70

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Казакстан туризм жаатында кызматташат

26-июнда Бишкек шаарында Алматы – Бишкек экономикалык коридору демилгесинин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын туризм боюнча биргелешкен жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлери, Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Казакстандын Туризм