Улуттук банктан «Керемет банктын» акцияларынын пакети алынат – ЖК мыйзамды колдоду

Улуттук банктан «Керемет банктын» акцияларынын пакети алынат – ЖК мыйзамды колдоду

Жогорку Кеңештин жыйынында «министрлер кабинетинин Улуттук банкынан «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин сатып алуусу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламент билдирди.

Демилгечи - Министрлер кабинетинин төрагасы. Мыйзам долбоору тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Талайбек Масабиров маалымат берди. Долбоордо Министрлер кабинети «Керемет Банк» ААКнын Улуттук банкка таандык 7 126 432 000 сом өлчөмүндөгү («Керемет банктын» 100% таза капиталынын 97.45%) акциясын сатып алуусу сунушталууда.

Министрлер кабинети тарабынан активди сатып алуу боюнча бүтүм фондулук биржадан тышкары, тактап айтканда, акча каражаттарын Улуттук банктын эсебине түз которуу жана «Керемет Банк» ААКсында баалуу кагаздары бар жеке тараптардын реестрине тиешелүү жазууларды киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылмакчы. Ошондой эле, мыйзам долбооруна ылайык Улуттук банктан «Керемет Банк» ААКсынын акцияларынын пакети Министрлер кабинетине өтүшү менен ал КР мыйзамдарында каралган комиссиялык жыйымдардан жана алымдардан бошотулат.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин «Керемет Банк» ААКтын акциясын сатып алууда каражат булактарын тактап, социалдык маселелерди чечүүгө каражат жок экенин баса белгиледи. Ал эми депутаттар Чингиз Айдарбеков, Айсулуу Мамашова мыйзам долбоорунда сунушталган «Керемет Банк» ААКтын активдерин Министрлер кабинетинин сатып алуу ченемдерине, баалоосуна, механизмдерине өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү

КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдирди. Жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.

Ишкер Media
Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Өлкөдө жаңы үлгүдөгү 20 жана 50 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

Бүгүндөн тартып Кыргызстанда 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы жаңы банкноттор жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жаңы банкноттор "Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы" ЖЧКсы тарабынан даярдалган. Банкноттордун дизайнында олуттуу өзгөрүү жок. Алардын алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы бетинде тарыхый-маданий объектилер

Ишкер Media
Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Ош менен Франциянын кызматташтыгы талкууланды

Кечээ Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Мыктыбек Осмоналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирди. Анда Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Маалыматка ылайык, тараптар маданият, илим, инвестиция жана туризм тармактарында байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ишкер Media
Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Учурда муниципалдык "Бишкек ЖЭБ" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканалары жылуулук берүүгө даяр. "Бишкек ЖЭБ" мекемеси билдиргендей, имараттар жылуулук берүү тутумуна этап-этабы менен кошула баштайт. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга жана саламаттык сактоо мекемелерине берилип, андан кийин

Ишкер Media