«Бизнести агартуу кербени» долбоору ишке киргизилет – даректер

«Бизнести агартуу кербени» долбоору ишке киргизилет – даректер

Салык кызматы JIA ассоциациясы жана Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте ишкерлерге маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында «Бизнести агартууу кербени - салык реформасынын чакырыктары» долбоорун ишке киргизет. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Бул долбоордун алкагында бизнес-коомчулугу үчүн эң актуалдуу темаларды талкуулоо үчүн бир катар иш-чаралар пландаштырылган. Анын ичинде Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр, чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдер, ККМды, ЭТТКны, ЭЭФти колдонуу, салыктар жана социалдык камсыздандыруу боюнча электрондук отчетторду тапшыруу жана башка темалар каралат.

Ошондой эле катышуучулар салык кызматынын кызматкерлеринен жана Ишкердикти колдоо борборунун консультанттарынан жеке консультацияларды алышат.

Бизнести агартуу кербени төмөнкү жерлерде өткөрүлөт: 

·      2024-жылдын 28-февралында Ош шаарындагы Ош мамлекеттик  университетинде, толук маалымат: 0505 671 566;

·      2024-жылдын 29-февралында Жалал-Абад шаарындагы, Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде, толук маалымат: 0700 333 367;

·      2024-жылдын 1-мартында Баткен шаарындагы, Баткен мамлекеттик университетинде, толук маалымат: 0773 221 010;

·      2024-жылдын 6-мартында Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектебинде, толук маалымат: 0707 229 299;

·      2024-жылдын 12-мартында Нарын шаарындагы БАУнун Профессионалдык жана Үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде, толук маалымат: 0502 230 496;

·      2024-жылдын 13-мартында Каракол шаарында, толук маалымат: 0222 063 646;

·      Бишкек шаарында, толук маалымат: 0701 882 525.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек көчөлөрүнө 581 тонна техникалык туз себилди

Бишкек көчөлөрүнө 581 тонна техникалык туз себилди

"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардын аймагында кар тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерин активдүү улантууда. Иштер 2026-жылдын 10-мартына караган түнү башталган. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Шаардын көчөлөрүн тазалоо иштерине бир катар атайын техникалар тартылды. Тактап айтканда, жолдордо 32 даана МАЗ кум-туз чачуучу унаа, 10 даана Shacman кум-туз чачуучу унаа,

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчү поезд каттай баштайт

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчү поезд каттай баштайт

Кытай менен Түндүк Корея ортосунда жүргүнчүлөр үчүн поезд каттамы алты жылдан кийин биринчи жолу кайра жанданганын South China Morning Post (SCMP) басылмасы жазды. Алгачкы поезд Бээжин шаарынан Пхеньян шаарына 12-мартта жөнөйт. Маалыматка ылайык, Бээжинден поезддер жумасына төрт жолу каттайт: * дүйшөмбү, * шаршемби, * бейшемби, * ишемби күндөрү. Ал эми кайра кайтуу каттамдарынын жүгүртмөсү

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды

Бишкекте УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди кармаганын укук коргоо органдарындагы маалымат булактарга таянуу менен ЖМКлар маалымат чыгарышты. Алдын ала маалыматтарга караганда, экс-депутатка карата учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармоонун чоо-жайы жана мүмкүн болгон айыптар азырынча тактала элек. Булактардын маалыматына ылайык, ал коррупция жана мыйзамсыз байыган деген шек менен айыпталууда. Мунун

Караколдо 14 млн сомдон ашык мамлекеттик карыз өндүрүлдү

Караколдо 14 млн сомдон ашык мамлекеттик карыз өндүрүлдү

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын Каракол шаардык бөлүмүндө мамлекеттик насыя боюнча карызды өндүрүү тууралуу аткаруу өндүрүшү жүргүзүлгөн. ЖЧКсы компаниясынын негиздөөчүсү ишкер О.М.Ж.  карызкор катары көрсөтүлгөн. Аткаруу баракчасы Ак-Суу райондук сотунун 2025-жылдын 26-июнундагы чечиминин негизинде келип түшкөн. Чечимге ылайык, карызкордон 14 млн 270 миң сом Ысык-Көл облусун өнүктүрүү