Бишкектин ишкерлери үчүн «Бизнести агартуу кербени» өтөт
Ишкерлерге маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында «Бизнести агартуу кербени» иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу JIA Ассоциациясы билдирди.
Бул долбоор Кыргызстандын бардык облус борборлорунда өтүп, эми Бишкек шаарында уюштурулат. Маалыматтык жолугушууда:
· салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр;
· чакан жана орто бизнес үчүн салык режимдер;
· контролдук-кассалык машиналарды колдонуу эрежелери;
· электрондук кампа жана ЭТТККны колдонуу эрежелери;
· электрондук эсеп фактураны (ЭЭФ) берүү тартиби;
· салыктар жана социалдык камсыздандыруу электрондук отчетторун өз алдынча тапшыруу;
· мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан ишкердикти текшерүүгө тыюу салган мораторий;
· жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө маалыматтар берилет.
Иш-чара акысыз. Катталыш үчүн: https://clck.ru/39MR7f.
Өткөрүү жайы жана убактысы: Бишкек шаары, Novotel, 29-март саат 08:30. Байланыш номер: 0701 88 25 25
JIA бизнес-ассоциациясы, Экономика жана коммерция министрлиги жана Салык кызматы тарабынан биргеликте ашырылган долбоор.