Активдүүлүк үчүн бир миллион: Бишкекте Компаньон Банктын акциясынын жеӊүүчүлөрүн куттукташты

Активдүүлүк үчүн бир миллион: Бишкекте Компаньон Банктын акциясынын жеӊүүчүлөрүн куттукташты

Кыргызстанда «Компаньондон 2 миллион» акциясынын жыйынтыгын чыгарышты. Эки кыргызстандык бир миллион сомдон алышты! Ал эми 50 миӊ сомго чейинки акчалай сыйлыктар акциянын үчүнчү жыйынтыктоочу этабынын жеӊүүчүлөрүнө тапшырылды.  

«Компаньондон 2 миллион» акциясынын финалисттери жеӊишин майрамдап жатат. Эки миллиондун ээлеринин, ошондой эле, жыйынтыктоочу үчүнчү этаптын жеӊүүчүлөрүнүн ысымдары акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылган Бишкектеги салтанаттуу аземде жарыяланды. 

 Компаньон Банктын акциясы 2023-жылдын 1-декабрында башталган. Анын шарттары боюнча, катышуучулар өздөрүнүн рефералдык шилтемеси аркылуу «Компаньон» мобилдик тиркемесине эӊ көп жаӊы колдонуучуларды чакырып, анын сервистерин активдүү пайдалануусу керек болчу. Анда ай сайын аралык этаптардын жеӊүүчүлөрү үчүн эки номинацияда акчалай сыйлыктар жана финалисттер үчүн алты нөлдүү эки супер байге коюлган. 

Биринчи шарттарды Чынгызбек уулу Илияс эӊ мыкты аткарды, акциянын башталышынан тартып, анын рефералдык шилтемеси боюнча 6 миӊдей адам тиркемеге чакырылды жана каттоодон өттү.     

«Утуш жөнүндө укканда абдан кубандым. Кубанычтуу жаӊылыкты дароо жубайыма айттым. Биз ийгиликке ишендик, анткени эки ай катары менен лидер болгонбуз жана аралык этаптарда ири акчалай байгелерди утканбыз, - деп эмоциясын бөлүштү. – Байгенин бир бөлүгүн жакындарым менен бөлүшөм, башкасын – кайрымдуулукка жумшайм. Ошондой эле, өзүбүздүн  окуу борбордун алдыӊкы кызматкерлерине акчалай сыйлык тартуулоону пландап жатабыз. Калган акчаны сүйүктүүм менен саякатка жумшайбыз». 

Экинчи финалист, Мээрман Жапаров, болгону бир ай мурда «Компаньон» мобилдик тиркемесинин активдүү колдонуучусу болгон. Бишкектик жигит туризм жаатында иштейт, жубайы менен эки баланы тарбиялап жатат.  

«Компаньон» тиркемесин ушул жылдын февраль айынан бери колдонуп жатам. Ал колдонууга абдан ыӊгайлуу, түшүнүктүү жана жөнөкөй. Мисалы банк эсебин жана депозитти ачуу, акча которуу жана башка финансылык операцияларды бир басуу менен жүргүзө аласыӊ. Мен сатып алууларды, комм.кызматтарды, патентти, уюлдук байланышты, Интернетти мобилдик тиркеме аркылуу үзгүлтүксүз төлөй баштадым жана өзүмдү күтүүсүздөн акциянын экинчи этабынын жеӊүүчүлөрүнүн ондугунан таптым. Андан соӊ– 1 миллион сом баш байгени утуу үчүн тиркемени дагы активдүү колдоно баштадым. Ошентип жеӊүүчү болдум!», - деп Мээрман Жапаров айтып берди.

Февралдын аягына чейин узартылган акцияга катышкандардан эч ким байге албай калган жок. Жаӊы колдонуучуларга дагы мобилдик тиркемени көчүрүп алууда дароо 50 сом которулду. Ушул эле сумма рефералдык шилтеме менен чакырылган, тиркемени көчүрүп алган жана идентификациядан өткөн ар бир колдонуучуга келип түштү. Ал эми 5 000 сомдон 50 000 сомго чейинки акчалай сыйлыктар акциянын аралык этаптарынын эӊ активдүү катышуучуларына тапшырылды – ай сайын эки номинациянын ар биринен бүткүл Кыргызстан боюнча 10 жеӊүүчүгө чейин аныктап жатышты. 

«Бизге «Компаньон» тиркемесинин колдонуучуларынын ыӊгайлуу жана сапаттуу кызмат алышы маанилүү. Тиркемеде беш жүздөн ашык банк жана башка финансылык кызматтар, эл аралык жана ички которуулар, депозит ачуу, кредит алуу, мамлекеттик кызматтар жана башкалар жеткиликтүү. Ушул кызматтардын бардыгын Банктын кеӊселерине барбай эле онлайн колдонсо болот, - деп Компаньон Банктын Борбордук филиалынын директору Марат Тайжанов белгиледи. – Биз «Компаньондон 2 миллион» акциясынын бардык жеӊүүчүлөрүн куттуктайбыз. Биздин жаӊылыктарга көз салгыла – алдыда дагы көптөгөн кызыктуу окуялар бар!». 

Банктын башка актуалдуу жаӊылыктары жөнүндө www.kompanion.kg. расмий сайтынан таанышууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Калк үчүн көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Экономика жана коммерция министрлигинин 2026-жылдын 21-октябрындагы №219 буйругу менен 2026-жылдын 22-октябрынан тартып 90 күнгө республиканын аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенин билдирди. Билдирүүгө караганда, мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтү рыноктогу кырдаалга жараша узартылышы мүмкүн. Министрликтин буйругун аткаруу максатында Монополияга

Ишкер Media
Чүйдө майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай пайдаланууга берилди

Чүйдө майыптыгы бар жарандар үчүн турак жай пайдаланууга берилди

Чүйдө "Манас" социалдык айылында майыптыгы бар адамдар үчүн төртүнчү турак жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева, Чүй облусунун губернаторунун орун басары Гүлмира Кыштобаева жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышты. Аталган

Ишкер Media
Төлөм жүргүзүү үчүн жылмайыңыз: BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди

Төлөм жүргүзүү үчүн жылмайыңыз: BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди

BAKAI "Жылмаюу менен төлөө" кызматын ишке киргизди. Бул жаңы ыкма менен сатып алган товарыңыздын акысын POS-терминалдын камерасына карап эле төлөй аласыз. Банк картасын же смартфонду алып чыгуунун, QR-кодду сканерлөөнүн кереги жок. Кардардын өздүгү тастыкталгандан кийин төлөм бир нече секундда жүргүзүлөт. "Жылмаюу менен төлөө" кызматынын

Ишкер Media
Өлкөдөгү 25 мектепке Starlink интернети акысыз берилди

Өлкөдөгү 25 мектепке Starlink интернети акысыз берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 25 мектепке Starlink терминалдарын тапшыруу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө караганда, жабдуулар компания тарабынан акысыз берилип, мектептерди жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернет менен камсыздайт. Демилге алыскы айылдардагы билим берүү, медициналык жана социалдык объектилерди заманбап

Ишкер Media