Мамлекеттик кызматкерлерде салык декларациясын тапшырууга бир жума калды

Мамлекеттик кызматкерлерде салык декларациясын тапшырууга бир жума калды

Салык кызматы юридикалык жактар жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калгандыгын эскертет.  

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, анын ичинде юридикалык жакты түзүү менен дыйкан жана фермердик чарбаларды кошкондо, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар салык декларациясын тапшырышы керек.

Мындан тышкары, 1-майга чейин салык декларациясын жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга административдик айып салынат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда күйүүчү май 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн – Канат Эшатов

Кыргызстанда күйүүчү май 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн – Канат Эшатов

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов "Кабар" агенттигине билдирди. Анын айтымында, Россияда күйүүчү майдын дүң баасында өзгөрүүлөр болду. Анда заводдордо баалар 19%га чейин кымбаттады. Эми компаниялар ошол баа менен майды ташып келип сатса, литри 2,5-3 сомго

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому