Үлүштүк катыш аркылуу турак жай алуудагы тобокелдиктерди болтурбоо боюнча кеңештер

Үлүштүк катыш аркылуу турак жай алуудагы тобокелдиктерди болтурбоо боюнча кеңештер

Кыргызстанда курулуп жаткан имараттардан турак жай сатып алуу барган сайын популярдуу вариантка айланып баратат. Бирок ак ниетсиз куруучулар тарабынан белгилүү тобокелдиктер жаралууда. Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө 40тан ашык курулуш компаниялары жарандарга адилетсиз мамиле жасаганын, бул болочоктогу сатып алуучулар өздөрүнүн укуктарын, талаптарын билиши маанилүү экендигинен кабар берерин айтышкан.

Кеңири тараган тобокелдиктердин бири - ар кандай документтерге, мисалы, алдын ала ээлөө (бронь) келишимине же инвестициялык келишимге кол коюу сунушу. Компаниялар муну үлүштүк катышуу келишимине кол коё албагандыктан жасашат, анткени курулушка уруксат алына элек. Буга байланыштуу келишимдер жокко чыгарылышы мүмкүн. Келечектеги көптөгөн сатып алуучулар кыймылсыз мүлктүн баасы төмөн болгондуктан мындай шарттарга макул болушат.

Көбүнчө жабыркаган жарандар келишимге кол коюудан жана акча төлөөдөн мурда компаниянын документтерин текшеришпейт. Буга байланыштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан сатылуучу турак жайлар боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында курулуш долбоорлорунун порталы ишке киргизилди. Бул порталдан курулуп жаткан объектилер тууралуу маалыматка ээ болуп, алардын мамлекеттик курулуш реестринде катталган, катталбаганын тактаса болот.

Алдамчылыктан жабыркап калбоо үчүн Vilar курулуш компаниясы төмөнкү кеңештерди сунуштайт.

  • Компаниянын документтерин текшерүү. Компаниянын курулуш үчүн бардык керектүү уруксаттары жана лицензиялары бар экенине ынануу керек. Муну Мамкурулуштун реестри аркылуу тактаса болот.
  • Келшимдерге кол коюуга жана акча төлөөгө шашпаңыз. Курулушчу сунуш кылган бардык документтерди кылдат изилдеп, кандайдыр бир шектенүүлөр же суроолор болсо юристтен кеңеш алуу зарыл.
  • Турак жай базарын талдоо. Ар кайсы курулуш компаниялардын турак жайга болгон бааларын салыштырып, алар жөнүндө башка сатып алуучулардын сын-пикирлерин угуу керек. Бул сунушталып жаткан
    баанын ылайыктуу экендигин аныктоого жардам берет.
  • Маалымат үчүн расмий булактарга кайрылуу. Курулуш компаниялар жана алардын долбоорлору жөнүндө ишенимдүү маалымат алуу үчүн мамлекеттик органдар тарабынан берилген ресурстарды колдонуу зарыл.

Бул сунуштарды аткаруу үлүштүк катыш аркылуу үй сатып алууда мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргоого жардам берет. Vilar курулуш компаниясы эскертет: бул процессте маалымдуулук жана ыкластык эң жакшы курал экенин унутпаңыз.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун