300гө жакын жеке ишкерлер онлайн режиминде каттоодон өтүштү

300гө жакын жеке ишкерлер онлайн режиминде каттоодон өтүштү

297 ишкер салык органында жеке ишкер катары онлайн каттоодон өтүшкөн. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Анын ичинде 102 ишкер Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу, 195 ишкер MegaPay жана Ишкер 24 мобилдик тиркемелери аркылуу катталышкан.

Эскерте кетсек, буга чейин салык кызматы салык органына барбай эле салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо кызматын ишке киргизген.

Каттоого арыз түзүү үчүн Cabinet.salyk.kg сайтынан "Каттоо" бөлүмүн тандап, андан кийин "Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү" бөлүмчөсүнөн идентификациялоо жол-жобосунан өтүү керек. Бул үчүн идентификациялоонун бирдиктүү системасын (ЕСИ), электрондук цифралык кол тамганы же Smart-iD KG колдонууга болот.

Cabinet.salyk.kg сайтынын "Каттоо" бөлүмүнөн эле арыздын статусун көрүп, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү басып чыгарууга болот. Күбөлүк арыз берилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде берилет.

Бул кызматты колдонуу жөнүндөгү кошумча маалыматты Cabinet.salyk.kg сайтынан (“Жетекчилик” бөлүмүнөн cabinet.salyk.kg/manual) алууга болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Бизнес

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бажы кызматкерлеринин айлык акысы 1000 доллардан кем эмес

"Ала-Тоо Резорттун" ачылышына 15 миңдей турист келери күтүлүүдө

Банкка акча ташыган киши агасы менен бирге кылмыш жасоого айыпталууда

E-COM EXPO тарабынан DemirBank эң мыкты коммерциялык банк катары тандалды

"Байтик Резорт" курортун курууга 200 млн доллар инвестиция салынат